Америкалык мырзага турмушка чыгып, 25 жашында 5 баланын энеси болгон Сахиба айым

https://kyrgyzcha.site/amerikalyk-myrzaga-turmushka-chygyp-25-zhashynda-5-balanyn-enesi-bolgon-sahiba-ajym/ Акыркы жанылыктар

Turmush«Келинчек» рубрикасынын кезектеги каарманы — Бишкек шаарынын тургуну Сахиба Падюкова. Ал социалдык тармак аркылуу таанышкан жигитке турмушка чыгып, 25 жашында 5 баланын энеси болууга жетишкен. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы маек курду.

«Мен 1996-жылы Бишкек шаарында жарыкка келгем. Л.В.Толстунов атындагы №12 мектеп-гимназиясын аяктап, Б.Н.Ельцин атындагы кыргыз-орус славян университетинин журналистика факультетине тапшыргам. Студент кезимде өзүмдү акча жагынан каржылоо максатында “ЦУМ” соода борборунда иштеп жүрдүм. Өзүмдүн кесибим боюнча көпкө иштеген жокмун, сулуулук тармагына аралашып, косметолог-эстетист болуп эмгектендим», — дейт ал.

Сахиба айым жолдошу менен кантип таанышып калганын айтып берди.

«Жолдошум Билал (Ислам динин кабыл алганга чейинки аты Пьер) экөөбүз ВКонтакте социалдык тармагынан таанышып калганбыз. Көп өтпөй ал “ЦУМ” соода борборуна жашыруун сатып алуучу катары келиптир. Мен анын сүрөтүн көргөн эмес болчумун, мындан улам аны жүзүнөн тааный алган жокмун.

2 ай сүйлөшүп жүргөндөн кийин ал менин атамдын байланыш номурун алып, андан менин колумду сурады. Албетте, атам менин көңүлүмө жана макулдугума карады. Экөөбүз кыз-жигит болуп көп деле сүйлөшкөн жокпуз, ортодо азыркыдай сүйүү сезими деле болгон эмес. Бирок ал менин адамым экенин дароо тушүнгөм. Алгач таанышуудан кийин 3 күндөн соң үйлөнүү сунушун киргизген. Бирок мен аны олуттуу кабыл алган эмесмин.

Пример HTML-страницы

Атам Билалды таанып билгенден кийин ага жакын болуп кетти. Жолдошум абдан билимдүү адам болгондуктан, аны менен ар кандай темада сүйлөшө аласың. Муну менен катар жолдошум мага болгон сезимин, эмоцияларын жашырбай, камкордугун көрсөтүп турчу. Бул атама абдан жакчу», — деди ал.

Анын айтымында, жолдошу кеч турмуш курган.

«Жолдошумдун ата-энеси биздин таанышуу учурубузда Америкада жашашчу. Мен алар менен телефон аркылуу таанышып сүйлөштүм. Келин болуп келген 9 жылдан бери алар мени өз кызындай кабыл алып, жакшы мамиледе болуп келебиз.

Менин атам уйгур жана татар аралаш. Ал эми Билал ассириялык, апасы орус улутунан. Өзү көп жыл бою Америкада окуп жашаган. Нике кыйып, тойду Ислам дининин талаптарына ылайык өткөрдүк. Биз салтты карманбайбыз, эч ким кийлигишпейбиз жана аны эч кимге мажбурлабайбыз.

Нике кыйылгандан кийинки биринчи күнү коноктордун баары өз үйлөрүнө кеткенде жолдошумдун чоң энеси менен таанышууну көздөп, жанына жетип бардым. “Келиңиз, жакындан таанышалы” десем, ал мени ушунчалык бекем кучактап, акча жана алтын комплект берип, «кызым, сени көптөн бери күттүм» деп айтты. Анткени жолдошум (32 жашта) кеч үйлөндү, мен анын биринчи аялымын. Жолдошумдун чоң энеси ирандык болгондуктан, алардын салты боюнча, тойдун эртеси келинге көп алтын жана акча беришет экен. Албетте, бул эң сонун салт деп ойлойм (күлүп)», — деди ал.

Каарманыбыз учурда эмне менен алек болуп жатканын айтып берди.

«Учурда үй-бүлөм менен Бишкек шаарында жашайбыз. Мен блогермин, дагы да болсо журналисттик жол менен бара жатам. Кайын атам экөөбүз фирмалык сумкалар дүкөнүн ачканбыз. Ошол жакта иштейм жана күнүмдүк үй тиричиликтери менен алекмин.

Учурда 5 баланы тарбиялап-өстүрүүдөбүз. 4 жыл мурун жолдошумдун тууганынын балдарын (2 улуусу) багып алганбыз. Эң улуу кызымды 20 жашымда, андан кийинки кызымды 23 жашымда, кичүү улумду 25 жашымда жарыкка алып келдим.

Келечекте ар дайым бактылуу аял бойдон калууну саамаймын. Жубай, келин же эне эмес, аял гана бойдон калгым келет», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️