Америкага жаңы барганда 3 күн көчөдө түнөгөн жалал-абаддык Салим Момунов

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусундагы Сузак районунун тургуну Салим Момунов Американын Чикаго шаарында жашап, иштейт жатат. Аны менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы таанышты.

Ал 1986-жылы туулган. Үй-бүлөдө 4 бир тууган. Бишкек шаарындагы Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин колледжинде окуган.

«Ата тегим Жалгыз-Жаңгак айылынан. Атам Алимжан, апам Гулийпа. 2014-жылы үйлөнгөм, келинчегим Шайыргүл, кызымдарым Адиля, Амина жана уулум Амирбек.

Чикагодо унаа ташуучу болуп, пикап тракта 2 жыл иштегем. Андан кийин Пенсильвания штатындагы кыргыздардын компаниясына кирдим. Өзүм Чикагодо жашайм. Үйгө болсо 1-2 айда бир жолу барып турам. Азыркы учурда трак айдап иштеп жатам», — деди ал.

Каарманыбыз көптөгөн мамлекеттерде эмгектенген.

Пример HTML-страницы

«Көп жылдар Россияда жүрдүм. 2017-2021-жылдары Израилде Ришон-ле-Цион деген шаардагы заводдо бригадир болуп эмгектендим. Кыргызстанга кичинекей бизнес болсо да ачайын деп баргам. Бирок керектүү жерде тааныш-билиш жок болсо кыйын экен. Кайрадан Россияга барууга туура келди. Ал жактан дагы мен каалагандай ийгиликке жете албагандыктан көпкө ойлонуп отуруп, АКШга барууну чечтим.

Балдарым чоңойгуча буттан туруп алайын дедим. Бул жакка келээрде эч кимге айтпай эле келе бергем. Анткени чет өлкөлөргө чыгышыма үй-бүлөм каршы болушчу. Израилге да эч кимге айтпай кетип калгам. Келип, бир апта өткөндөн кийин айтсам, бир сыйра ыйлашып, кайра жазылышкан. Америкадан жакшылап иштесең, алдыга туура план кое билсең, эмгегиңдин үзүрүн көрөт экенсиң», — деди Салим Момунов.

Америкалыктар ар дайым күлүп жүрүшөт.

«Алар биздин элдердей үңкүйбөй ар дайым жылмайып жүрүшөт. Жолдон салам беришип, абдан адамгерчиликтүү. Мыйзамы жакшы иштегендиктен, полиция кызматкерлерине ишеним бар. Бирок сактыкта кордук жок.

Менин жумушума байланыштуу ар кайсы жерлерге барып турам. Аба ырайы дагы ошого жараша өзгөрүп турат. Кыш мезгилинде Маями пляж жакка барып калабыз. Ошондуктан бардык сезонго кийим-кечени салып жүрөбүз.

Айлык ар апта сайын берилет. 2,3 жума же 1 ай деген нерсе жок. Анан биздегидей жан талашып иштешпейт экен. Үйлөрү да жөнөкөй, өтө ыңгайлуу. Акыркы үлгүдөгү унааларды айдашса дагы өтө жөнөкөй болушат. Эгерде бизде андай унаа минип алышса башкача мамиле кылмак. Азыр кандай болуп калды билбейм, бирок 5 жыл мурун мени тебелеп кетейин дешкен», — деди ал.

Америкага жаңы баргандагы кызыктуу окуясын айтып берди.

«Америкага жаңы барганда Азат деген досум экөөбүз көчөдө 3 күн калдык. Чөнтөгүбүздө болгону 50 доллар. Бирок Америкага жетип алганыбызга сүйүнүп, көп нерсени сезген эмеспиз. Барганда тосуп алган эч ким жок же тааныш жок же жумуштан кабар жок. Өзүнчө эле бизди Америка күтүп жаткансып келе берген экенбиз.

Анан мессенджердеги топтордон (группа) батир издеп баштадым. Батир Кудайдын буйругу менен бат эле табылып калды. Ал жактан Мелербек деген бала менен таанышып, «Жумуш тапкыча айдап тургула» деп, ал дароо эле унаасынын ачкычын берди. Түнү менен сайттарга резюме таштадым. Таң атпай телефон чалуулар келе баштады. Көрсө, жүк ташуунун ( moving) сезону экен. Ошентип барганда эле 2-3 күндөн кийин өзүбүзчө бригада болуп чыгып кеттик», — деди ал.

Бир канча мамлекеттерде болсо дагы Кыргызстанга эч бир өлкө жетпээрин түшүнгөн.

«Бош убактымда машыгам. Себеби жумушубузда ар дайым олтурабыз. Социалдык тармактарга видео жүктөйм. Катталуучуларым менен ой пикир бөлүшүп турам.

Келечекте жаш муундарыбызга туура тарбия, билим берип кетсек дейм. Келечек жаштардын колунда. «Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы» дегендей, мамлекетибиз өнүккөн мамлекеттердин катарында болушун каалайм. Көп жерлерде болдум. Бирок өзүбүздүн жерибиз бейиштин төрүндөй деп, бекер айтышпайт экен», — деп сөзүн жыйынтыктады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️