Америкага барууну кыялданган Мерислам Матисаев Италияда билим алууда

Акыркы жанылыктар

Turmush«Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 20 жаштагы Мерислам Матисаев Италиядагы окуу жайлардын биринде окуп, билим алып келет. Аны менен аймактык кабарчы баарылашты.

Негизинен Италияга бара турган пландары жок экендигин айтып учурда кайсыл тармакта окуп жатканын айтып берди.

«Менин атым Мерислам, Ош шаарында туулгам. Ошондой эле шаардагы №27 XXIV партсъезд атындагы орто мектепти аяктагам. Негизи Италияга баруу менин планымда жок болчу. Анткени кичинекей кезимден эле Америкага барууну каалайт элем. Кийинчерээк Европадан баштап көрүүнү ойлодум.

Италияда окууга тапшыруу оңой. Ошондой эле студенттер бекер окуса болот. Себеби студенттер үчүн бул жакта баардык шарттар түзүлгөн. Биздин башкы милдеттерибиздин бири экзамендерге даярданып, жакшы тапшырып алуу. Италияда бизнес жана экономика тармагында окуп келем. Бул жакта сабактар жеңил эле болот. Албетте, англис тилин билип, түшүнсөң кыйналбайсың», — дейт ал.

Ал Испанияга барып, кыялын орундаткан.

Пример HTML-страницы

«Ошондой эле Италияда окуп жүрүп, Испаниянын шаарларын да кыдырууга жетиштим. Өзүм футбол сүйүүчүсү катары Испаниядагы «Барселона» клубунун музейине барып кыялымды орундаттым десем да болот. Жаңы келгенде кыйынчылыктар болгон. Бул жактын климатына көнбөй кыйналдым. Себеби бул жердин климаты өтө нымдуу.

Италия жана испан тилдери дүйнөдөгү оңой тилдерден болгондуктан тил боюнча кыйынчылыктар болгон жок», — деди М.Матисаев.

Мерислам 2-курста окуйт. Окуудан сырткары кафелердин биринде кофе жасап иштейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️