Америкада иштеген Аманат Иманалиев акчасын үнөмдөйм деп күтүүсүз жагдайга кабылган

Акыркы жанылыктар

Turmush«Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Америкада трак айдап эмгектенген Аманат Иманалиев. Ал чет өлкөдөгү жашоосу жана ал жакта кабылган кызыктуу окуялары тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди.

Аманат Иманалиев 1994-жылы Бишкек шаарында төрөлүп, Кыргыз экономикалык университетин бүткөн.

«Жогорку окуу жайын бүткөндөн кийин Бишкекте кино чөйрөсүндө эмгектенгем. Америкага кетүүгө финансылык муктаждык түрткү болду десем адашпайм. Учурда АКШда жашап жатканыма 2,5 жыл болду. Эң кызыгы — эч качан Америкада жашап калам деп ойлогон эмесмин. Трак айдоо албетте оор. Кээде 18-20 саатка чейин айдоого туура келет.

Америкалыктардын жашоосу абдан кызык. Бул жактын жарандарынын 30 пайызга жакыны иштебей, мамлекетен акча жана жашоого керектүү азык-түлүктөрдү бекер алып, жашай берет экен. Элдери дайыма жылмайып турат. Сылык мамиле кылганга аракет кылышат. Башында тил билбегендиктен, барына «Yes» деп жооп берчүмүн.

Аба ырайы болсо, дүйнөнүн ар кайсы бурчундай. Бир жеринде кар жаап жатса, башка жеринде ысып жай болуп турган болот. Жашоого болгон шарт эң жакшы түзүлгөн. Бул жакта кыргыздардын көбүнчөсү трак айдап жана айти тармагында эмгектенишет», — дейт ал.

Пример HTML-страницы

Мекендеш Кыргызстан менен Американы салыштырууга болбойт экенин түшүнгөн.

«Мени таң калтырганы АКШга келген адамдардын баарын тарбияга, түз жүрүүгө салып коет экен. Мыйзам өтө жакшы иштейт. Бир күнү иштеп жүрүп, акчамды үнөмдөйм деп, багыт көрсөткүчүмдөн (навигатор) «акысыз жолдор» деген функциясын күйгүзүп койгом. Бир кезде жүгөрү талаасын аралатып койду. Ал талаанын ортосу менен кеткен жол башында асфальт болуп баратып, аягы чаң баскан жолго айланып кетти. Артка жол жок эле. Дыйкандардан сурап жатып, араң акча төлөнүүчү жолго чыккам.

Башка мамлекеттерге салыштырмалуу батир менен тамак-ашы жакшы. Анткени Чикагодо кыргыздардын ар кандай кафелери көп. Жакшы иштесең жумасына жакшы эле акча табасың. Бирок ошол эле акчаны кайра батирге, камсыздандырууга, ижарага төлөйбүз.

Жүрөгүм Кыргызстан деп согот. Бош убактымда бир туугандарым, досторум менен көбүрөөк сүйлөшкөнгө аракет кылам. Келечекте дүйнөнү багындыра турган компания түзүп, мекениме салым кошсом деген ой-тилектерим бар», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️