Пример HTML-страницы

Амелия Мырзалиева келечектеги кесибин 10-класста окуп жатканда эле тандаган

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас шаарынын 17 жаштагы тургуну — бүтүрүүчү Амелия Мырзалиева келечектеги кесибин тандады. Ал «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алууга билимин тастыктады.

Амелия Мырзалиева Талас шаарындагы Р.Рысакова атындагы мектепти аяктап жатат.

«Ата-энем, өзүм жана мени окуткан мугалимдерим үчүн абдан жакшы жаңылык болду десем болот. «Алтын тамга» аттестатын алдым. Бул үчүн 11 жыл даярдандым десем жаңылышпайм. Өзгөчө быйыл катуу даярданып жүрдүм. Үй жумуштарынан бошотуп, үйдөгүлөр көңүл бурушту. Уюлдук телефонду дагы көп кармабай, керектүү учурда гана алып, максималдуу убактымды ар бир предметке арнап жаттым. Мектепте өзгөчө математика, орус тили, химия жана тарых сабактарын сүйүп окудум.

Орус тилчи Елена Викторовна, тарых мугалими Нургул Кубатбековна, математика мугалими Любовь Дмитриевна, химия мугалими Наталия Анатольевна эжекелерим кошумча тапшырма берип, кайра текшерип жатышты. Химия менен биология сабагын сүйүп окуганым үчүн изилдеп отуруп, 10-классымда келечектеги кесибимди таптым десем болот. Мен былтыркы жылдан бери И.Акунбаев атындагы медициналык академиясына тапшырам деп даярдык көрүп жатам. Келечекте стоматолог болгум келет.

«Алтын тамга» аттестаты үчүн жакшы сыйлык алдык. Окууга абдан керектүү ноутбук менен сыйландык. Ата-энем, мугалимдерим баары кубанып жатышат», — деди ал.

Амелия үй-бүлөдө 2 бир тууган.

Быйыл «Алтын тамгага» Талас облусу боюнча жалпы 8 бүтүрүүчү ээ болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE