Алыскы Чолок-Арык айылында башталгыч мектеп 2,9 млн сомго оңдолуп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Панфилов районуна караштуу чек ара менен чектешкен Чолок-Арык айылында башталгыч мектептин имараты каптиалдык оңдоп-түзөөдөн өткөрлүп жатат. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Чолок-Арык жалпы билим берүү башталгыч мектебинин имараты 40 окуучуга ылайыкталып, 1965-жылы курулган. Оңдоо иштерине 2 миллион 900 миң сом, анын ичинен дем берүүчү гранттан 2 миллион 320 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 580 миң сом бөлүндү. Тендерден «Катаскеви» жоопкерчилиги чектелген коому утуп алган.

Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалыматка караганда, «Катаскеви» жоопкерчилиги чектелген коомунун түзүүчүсү жана жетекчиси — Субанбеков Азамат Майрамбекович. Компания 2018-жылы 10-июлда каттоодон өткөн. Негизи ишмердүүлүгү: турак жайларды жана имараттарды куруу.

Тоо этегиндеги Чолок-Арык айылы Казакстан менен чектешкен Фрунзе айыл аймагынын курамына кирет. Ал райондун борборунан 27 чакырым, Чалдыбар— Бишкек унаа жолунан 7 чакырым аралыкта жайгашкан.

3 класс комплекстүү мектепте 17 бала билим алат. Учурда окутуу онлайн форматта жүргүзүлүүдө.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️