Пример HTML-страницы

Алымбек датка менен Курманжан датканын сөөгү коюлган көрүстөн

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБыйыл Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана аскер ишмери Алымбек датканын 225 жылдыгы белгиленет.

Бул күндү утурлай президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев райондук мамлекеттик администрация жетекчилери, Ош облусунун ардактуу атуулдары менен бирге Алымбек датка жана Курманжан датканын сөөгү коюлган тарыхый Сар-Мазар көрүстөнүнө барды. Иш-чаранын катышуучулары куран окуп, күмбөздүн тегерегине ийне жалбырактуу дарактарды отургузушту.

Элчибек Жантаев маданий мурастарды сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, тарыхый инсандарга болгон урмат-сый улуттун сыймыгы болуп каларына ишенимин билдирди.

«Өлкөбүздүн кызыкчылыгын коргогон ата-бабаларыбыздын өмүрү, жасаган иштери бизди жаркын келечекке умтулууга шыктандырат, аларды эскерип, урматташыбыз керек», — деди облус жетекчиси.

Алымбек датка Асан бий уулу 1799-жылы Кыргызстандын Алай өрөөнүндө туулуп, 1862-жылы кайтыш болгон.

1822-1840-жылдары Кокон хандыгында бийлик жүргүзгөн Мадалы хандын чакыруусу менен 27 жашында Кокон хандыгында кызмат өтөп, узак жылдар бою хандардын кеӊешчиси, аталык, Анжиян жана Ош аймактарынын беги болуп турган.

Тарыхта Алымбек парваначы деп да аталган инсан кыргыз элинен чыккан көрүнүктүү мамлекеттик ишмер. 31 жашында ага датка наамы ыйгарылган. Ал Кокон хандыгындагы кыргыздардан чыккан эң таасирдүү саясий ишмерлердин, аскер башчылардын бири, парваначы наамын (генералга тете) эң биринчи алган адам.

Алымбек Датка 1831-жылы Мадали хандан «Алайдын даткасы» наамын алган. Ал каза болгондон кийин даткалык наам аялы Курманжанга өткөн.

1842-жылы Шераалыны хан (Шераалы хан) көтөрүүгө жигердүү катышкан. Анжиян вилайетинин борборун Ош шаарына көчүрүп, бул шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Балдар үчүн медресе курдурган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE