Пример HTML-страницы

«Альянс Алтын» Олимпиадага бара турган Талас облусунан чыккан спортчуларга колдоо көрсөттү

Кыргыз спорт жанылыктары

Turmush«Альянс Алтын» компаниясы Талас облусунан чыккан, 2024-жылы Париждеги Олимпиада оюндары менен Дүйнө чемпионатына бара турган Кыргызстандын курамасынын мүчөлөрүнө колдоо көрсөттү.

Маалым болгондой, чоң мелдешке жолдомо алган спортчуларга 100 миң сомдон акчалай сыйлык жана спорттук кийим тапшырылды. Олимпада оюндарына жолдомо алган Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Үзүр Жусупбеков, Бекзат Алмаз уулу, Жоламан Шаршенбеков жана Дүйнө чемпионатына катыша турган Ислам Орозбеков менен Раззак Бейшекеевдер сыйланышты.

«Альянс Алтын» компаниясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Касиет Карачолокова ишкана 2023-жылдын июнь айынан тартып «Талас облусунун балбандары» мекемеси менен кызматташарын билдирди.

«Талас облусунун балбандары» мекемесине демөөрчүлүк кылып баштаган 1 жыл аралыгында «Альянс Алтын» өзүнүн өнөктөштөрү менен биргеликте 11,6 млн сом каражат жумшаган. Аталган мекеменин кайрылуусунун негизинде 2023-жылы Дүйнө чемпионатына барар алдында 3 млн сомго жакын каражатты витамин, спорттук кийимдерине которгон жана чемпионатта алдыңкы орунду алган Жоламан Шаршенбеков менен Айпери Медет кызына авто унаа калгандарына 100 миң сомдон берилген. Бул ирет да мекеменин кайрылуусу менен Париж олимпиадасынын алдында витаминдерине деп 100 миң сомдон жана спорттук кийимдер менен камсыздадык. Андан тышкары жалпы эле спорт тармагына колдоо көрсөтүү ирээтинде КРнын Улуттук Олимпиада комитетине 3 жыл аралыгында 6 млн сом каражат которулган», — деди Касиет Карачолокова.

Кыргызстандын курамасынын мүчөлөрү «Альянс Алтынга» ыраазычылык билдирип, компания бир гана спортко колдоо көрсөтпөстөн, Талас облусунун өнүгүүсүнө чоң салым кошуп жатканын белгилешти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE