Пример HTML-страницы

«Альянс Алтын» компаниясы Таластагы алдыңкы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ноутбуктарды белек кылды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushТалас облусундагы Жерүй алтын кенин иштеткен «Альянс Алтын» компаниясы өнүктүрүү фонду аркылуу Талас облусундагы «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына ээ болгон 8 окуучуга ноутбук жана мугалимдерине 10 миң сомдон сыйлык тапшырды.

Маалым болгондой, аларды сыйлоо аземи кечээ, 30-май күнү президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө уюштурулду. Ага облус жетекчиси Нурлан Дарданов жана «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондунун директору Батырбек Качкымбаев катышты.

Батырбек Качкымбаев билимдүү жаштарды колдоо жана кийинки жылдагы бүтүрүүчүлөргө стимул болсун деген максатта «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду ар дайым билим берүүгө багытталган долбоорлорго колдоо көрсөтүп келерин билдирди.

«Биз ар качан билим берүү тармагын жогорулатуучу долбоорлого колдоо кылабыз. Бул жолу дагы облусубуздагы мыкты бүтүрүүчүлөрүбүзгө жана аларды окуткан мугалимдерине колдообузду көрсөтүп жатабыз. Келечекте Талас облусуна, өлкөбузгө пайдасын тийгизген мыкты атуулдар азыркы «Алтын тамга» алган окуучуларыбыздан чыгат деп толук ишенебиз», — деди ал.

Облус башчысы Нурлан Дарданов, окуучулар, мектеп жетекчилери мындай колдоосу үчүн «Альянс Алтын» компаниясына жана өнүктүрүү фондуна терең ыраазычылыктарын билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE