«Альянс Алтын» компаниясы Таласта мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 8-октябрда президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан 5-октябрь — Мугалимдердин кесиптик майрамына карата билим берүү тармагынын кызматкерлерин сыйлоо иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чарага президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев жана тиешелүү облустук мекеменин өкүлдөрү катышты.

Аталган иш-чаранын жүрүшүндө «Альянс Алтын» компаниясы тарабынан куттуктоо сөзү сүйлөнүп, белектер тапшырылды.

Компаниянын коомчулук менен байланыш кызматынын башкы адиси Адилет Токторбаев билим берүү тармагына компания тарабынан тынымсыз колдоо көргөзүлөрүн айтты.

«“Альянс Алтын” компаниясы бул жолу өкүлчүлүк менен биргеликте облустагы мыкты мугалимдерди куттуктап, 60 мугалимге өз белектерин тапшырды. Жыл сайын мугалимдер күнүндө окуу жылы аяктаганда ийиликке жетишкен мугалимдерге белектерин берип келет.

Пример HTML-страницы

Биздин компания “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду аркылуу эле акыркы 8 жылда билим берүү тармагындагы 134 долбоорду каржылоого 75 млн сом каражат бөлгөн. Мындан сырткары, компания өзүнүн атынан студенттерди окутууга, эл аралык предметтик олимпиаданын катышуучуларына, мугалимдерге каржылык колдоо көрсөтүп турат», — деди Токторбаев.

«Альянс Алтын» компаниясы Талас облусундагы Жерүй алтын кенин иштетет жана өлкө боюнча алдыңкы салык төлөөчү ишкана катары белгилүү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️