Пример HTML-страницы

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду спорт тармагына 41,5 млн сом жумшады

Акыркы жанылыктар

Turmush«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду 2016-жылдан бери Талас облусунда дене тарбия жана спортту колдоого багытталган 98 долбоор үчүн 41,5 млн сом жумшаса, акыркы 1 жыл аралыгында 8,7 млн сом каражат жумшалып 12 долбоор ишке ашты.

Маалым болгондой, алардын бири 2024-жылдын 24-июлунда «Альянс Алтын» компаниясы «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду менен Талас облусунан чыккан, КРнын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөлөрү Нурзат Нуртаева, Азиза Шумкарова, Бермет Нуридин кызы, Арууке Кадырбек кызына Азия чемпионатынын алдында акчалай сыйлык жана спорттук кийим тапшырды.

Балбан кыздар компанияга ыраазычылык билдирип, айрыкча спортчуларга атактуу болгондон кийин гана колдоо көрсөтүлөрүн, ал эми «Альянс Алтын» аларды башынан бери колдоп келе жатканын белгиледи.

«Компанияга ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Ал менен бирге бизди чоң жеңиштер күтүп турат деп ишенебиз», — деди Нурзат Нуртаева.

Нурзат Нуртаева 2024-жылдын 27-30-июль күндөрү Иордания өлкөсүндө өткөн 23 жашка чейинки жаштар арасындагы Азия чемпионатында алтын медаль, ал эми Арууке Кадырбек кызы коло медаль тагынды.

Компания «Талас облусунун балбандарына» мекемесине демөөрчүлүк кылып келе жаткан 1 жыл аралыгында өнөктөштөрү менен бирге 11,6 млн сом каражат жумшады. Андан тышкары колдоо көрсөтүү ирээтинде Кыргызстандын Олимпиада комитетине 3 жылдын ичинде 6 млн сом которгон.

Ал эми «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду жогоруда белгилегендей 2016-жылдан бери Талас облусунда дене тарбия жана спорт багытын колдоого 41,5 млн сом каражат жумшаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE