Turmush — Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылынын 46 жаштагы тургуну Алтынай Супатаева айылда кыздардын себин тигүү менен алектенип жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, Айтматов районунун кызы. Миң-Булак айылына 1998-жылы келин болуп келген.
«Бир үйгө кичүү келин болуп келдим. Чоң үй-бүлө болгондуктан, үй тирилиги менен иштеген жокмун. Бирок кичинекей кезимде эле тигүүчүлүккө кызыгып, өзүмдүн таежемден курак куроону үйрөнүп алгам. Мектепти аяктаган соң тигүүчү сертификатын алгам. Мындан 5-6 жыл мурун этнокурак төшөктөргө кызыгып, тиге баштадым.
Үйдөгү эски машина менен тикчүмүн. Ошондо деле суроо-талап көп болчу. Ал машина менен көбүрөөк убактым кетчү. Жолдошум «балдар чоңоюп калды, сен тигип калсаң өзүң дагы алаксып, кызыккан ишиң болот» деп колдоп жүрчү. Тилекке каршы жолдошум 3 жыл мурун каза болуп калды. Балдарыбыздын чоңойгонун көрдү. Бирок алар үй-бүлөлүү болгонун, жакшылыктарын көрбөй калды. Жолдошум каза болгон соң өзүм дагы тырышып оокат кылыш керек болду.
2022-жылы социалдык келишим менен жөлөк пул ордуна 100 миң сом алып, 2 тигүүчү машина алдым. Заманбап машиналарды алган соң, кыздардын себине көп өлчөмдө буйрутма ала баштадым. Ушул келишим дагы мага абдан жардам берди. Мына акырындап үйдө бош отура бербей, же башка жактан иш издебей, үйдүн тиричилигин дагы, жумушту дагы кошо алып кетип жатам. Айыл жергесинде септерге суроо-талап бар. Анткени базар баасынан арзаныраак кылабыз. Базардагыдай болуп ижара акысын төлөбөйбүз. Каалаган учурда үйдө тиге беребиз. Көбүнчө этнотөшөктөрдү, курак төшөктөрдү тигип жатам. Ар бири материалына жараша баасы 2 миң сомдон жогору бааланат. Куржун дагы көп тиктиришет. Ошол куржунга курак өтө маанилүү. Жакшы куралган куржун дагы бааланат. Мурун кыздын себине узун 2 жаздык кошулчу. Акыркы жылдары кошулбай калган. Мен ошону курак менен кооз кылып чыгарып, жандантууга аракет кылып жатам. Кыздын себи бир эле жолу баргандыктан эстелик болуп калат деп ойлойм», — деди ал.
Чебер айым 4 уул, 1 кыздын апасы.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.