Пример HTML-страницы

«Алтын тамганын» ээси Никита «алтын сертификатка» да ээ болду. Аны чет өлкөдөгү окуу жайлар чакырып жатат

Кыргыз спорт жанылыктары

Turmush2024-жылдагы жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку упайларды 56 бүтүрүүчү топтоп, «алтын сертификаттын» ээси болушту. Анын ичинен 7 окуучу Чүй облусунан алышты. Алардын бири — Токмок шаарынын №1 мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү Михайлов Никита Сергеевич. Ал 225 упай алган.

Каарманыбыз буга чейин «Алтын тамга» артыкчылык аттестатынын ээси болгон.

Никита 2006-жылдын февраль айында Чүй облусунун Токмок шаарында туулган.

«Менин ата-энем жана эжем IT тармагы менен кандайдыр бир байланышта десем болот. Апам информатика мугалими, атам коммуникация жана IT тармагында иштейт, эжем программист. Биздин үй-бүлөдө мектепти мыкты бүтүрүү салтка айланып калган. Тактап айтканда, мага чейин мектепти атам дагы жана эжем дагы алтын медаль менен аякташыптыр. Апам «КР билим берүүсүнүн мыктысы» төш белгиси менен сыйланган.

6 жашымдан баштап балдар-өспүрүмдөр мектебинин даярдоо классында окуп, андан кийин Токмок шаарындагы №1 мектеп-гимназиясына кирип, 11 жыл ийгиликтүү окудум. «Алтын сертификатты» эмгектин жыйынтыгында алдым. Мен 225 упай топтодум. Негизи жыл бою ЖРТга катуу даярдандым, практикалык тесттерди тапшырып, ар дайым жакшы упай алып жүрдүм. Ошондуктан жыйынтык бир топ жогору болоруна ишенчүмүн», — деди ал.

Никита мындай натыйжаларга жетүү үчүн талыкпай окуу гана эмес, бардык кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам бере турган жакшы насаатчыларга ээ болуу керек экенин баса белгиледи.

«Менин багыма жакшы мугалимдер туш келди. Алардын аркасы менен окууда, олимпиадаларда, сынактарда ийгиликтерге жетишип, эң негизгиси «Алтын тамга» үчүн билимимди тастыктап, «алтын сертификат» алдым. Мен алардын билими жана колдоосу үчүн абдан ыраазымын.

Мага математика, информатика, химия, англис тили, оратордук өнөр жагат. Орус тили боюнча эл аралык сынакта жеңишке жетишкеним үчүн Крымдын түштүк жээгиндеги «Артек» эл аралык балдар борборуна барууга мүмкүнчүлүк алдым. Башталгыч мектептен бери техникалык тармактагы долбоорлорго катышып келем. “Алтын түйүн” долбоорунун сынактарына, Кытайдагы эл аралык техникалык онлайн лагерине катышкам. Бардык долбоорлорум робототехника жана жасалма интеллект менен байланышкан. Ташкентке Кыргызстандын команда менен барып, робот-спорт боюнча Азия өлкөлөрүнүн ичинен экинчи орунду алдык.

Математикага болгон кызыгуум ЖРТдан жогорку упай алууда чоң роль ойноду. 3-класстан баштап шаардык, облустук, республикалык, эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүсү жана байге ээси болгом. Эки жыл катары менен математика боюнча олимпиаданын республикалык туруна катышып, 4-орунду алдым. Өткөн жылы англис тилинде өткөн олимпиадада күмүш медалга ээ болуп, финалдык турга Америкага жолдомо алгам. Буга чейин Жогорку экономика мектебинин окуучуларынын олимпиадасында байгелүү орунга ээ болгонумдун аркасында Москвадагы Жогорку экономика мектебине окууга чакыруу алдым», — деди ал.

Каарманыбыз келечекте робототехника жана жасалма интеллект боюнча билим аларын айтты.

«Алтын сертификат” мен үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Чет жакта робототехника жана жасалма интеллект боюнча окуйм деп план коюп жатам. Мен бул тармакта өнүгүүгө, илимге жана инновацияга салым кошууга аракет кылам.

Менин бардык жетишкендиктерим үй-бүлөмдүн колдоосунда болду. Сүйүктүү предметтеримди окууга, англис тилин үйрөнүүгө, интеллектимди өнүктүрүүгө жана кыялыма өжөрлүк менен кадам таштоого мүмкүнчүлүк берген ата-энеме абдан ыраазымын», — деди ал.

————

2024-жылдагы жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку упайларды 56 бүтүрүүчү топтоп, «алтын сертификаттын» ээси болушту.

Эң жогорку упай 234 болду — аны 3 бүтүрүүчү алды.

Жогорку упайларды алган 56 бүтүрүүчүнүн арасында Нарын облусунан 3 окуучу бар:

Рамазан Айдарбеков (231) – М.Субакожоев атындагы Нарын лицейи;

Айганыш Дөөлөтбекова (229) – Арстанбек Буйлаш уулу атындагы №8 орто мектеби;

Жанбол Жаркынбаев (225) – былтыркы жылдын бүтүрүүчүсү.

«Алтын сертификаттын» аймактар боюнча саны:

Бишкек – 34,

Чүй облусу – 7,

Ош шаары жана Ош облусу – 6,

Жалал-Абад облусу – 3,

Нарын облусу – 3,

Талас облусу – 2,

Баткен облусу – 1,

Ысык-Көл облусу — жок

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE