Пример HTML-страницы

«Алтын тамга» ээси Саид Мусаев Кореядагы окуу жайга тапшырууну пландап жатат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЫсык-Ата районунда 3 окуучу «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алуу боюнча билимин тастыкташты. Алардын бири — Мусаев Саид Асанжанович. Ал Кант шаарындагы Д.Зубкова атындагы №1 мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү.

Саид 2006-жылдын 29-майында Кант шаарында жарыкка келген.

«Апам, эки агам жана карындашым менен турам. Атам былтыр өтүп кеткен. Мага физика, химия, математика сабактары жагат. 2023-2024-окуу жылы физика сабагы боюнча республикалык олимпиадада II орунду алгам.

«Алтын тамганы»‎ алууну тогузунчу классты ийгиликтүү аяктап жатканда максат койгом. Негизи биринчи класстан баштап он биринчи класска чейин жалаң «беш»‎ деген баага окудум. Ошондуктан «Алтын тамга» алуу үчүн тестте кыйналган жокмун. Келечекте пайдалуу кесиптин ээси болгум келет. Апам тигүүчү, атам болсо айдоочу болчу.

Бош убактымда досторум менен сейилдөөнү, чет тилдерди үйрөнүүнү жакшы көрөм. Чет тилдерин үйрөнүү дүйнөдө популярдуу болуп баратат. Учурда корей жана англис тилдерин үйрөнүп жатам. Буюрса Кореяга барып, бизнес башкаруу‎ факультетине тапшырууну пландап жатам», — деди ал.

———

2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы менен «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алуу укугун 149 бүтүрүүчү тастыктады.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарынан – 68 окуучу,

Чүй облусунан – 20 окуучу,

Ош облусунан – 17 окуучу,

Жалал-Абад облусунан – 9 окуучу,

Баткен облусунан – 9 окуучу,

Талас облусунан – 8 окуучу,

Ысык-Көл облусунан – 6 окуучу,

Нарын облусунан – 6 окуучу,

Ош шаарынан – 6 окуучу.

Тестирлөө 14-майда республика боюнча 36 пунктта өткөрүлүп, ага 2211 окуучу катышты. Талапкерлер «Алтын тамга» тестин 4 предмет боюнча тапшырышты — математика, эне тили жана адабияты, Кыргызстандын тарыхы жана химия .

«Алтын тамга» тестинин жыйынтыгы боюнча 17-19-майда апелляция жүргүзүлүп, 181 кайрылуу түштү.

Былтыр «Алтын тамга» аттестатына 167 бүтүрүүчү ээ болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE