Пример HTML-страницы

«Алтын тамга» аттестатынын ээси Андрей 3-класстагы окуядан чоң сабак алган

Акыркы жанылыктар

TurmushСокулук районунан 2 окуучу «Алтын тамга» аттестатына ээ болду. Алардын бири — Нахаев Андрей Витальевич. Ал Манас айылындагы Ат-Башы мектеп-лицейин аяктап жатат.

Андрей 2006 жылы 16-мартта Сокулук айылында туулган, үй-бүлөдө 3 бир туугандын экинчиси. Биология сабагын жактырат.

«Мен жылкыны жакшы көрөм 11-классты аяктагандан кийин К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ветеринардык факультетине тапшырууну пландап жатам.

Окуучулук кездеги эсте калган окуядан айтып берейин. 3-классымда мектептеги жыйында бир ырды көркөм айтып бердим. Айтпайт болчумун, бул кокустук болуп кеткен. Жөн эле бир нерсе сурайын деп колумду көтөргөм. Мугалим: “Мына, бизде ыктыярчы бар!” деди. Ырды түнү менен үйрөнүүдөн башка аргам жок болчу. Пушкиндин “Лукоморьедеги жашыл дуб” чыгармасын тандап алдым. Себеби, мен аны тез үйрөнүп алчудай сезилди. Узун жана тассирдүү экенин билесиңер. Эртеси сахнага чыкканда жүрөгүм болуп көрбөгөндөй согуп баштады. Бирок таң калганым, бир сапты да унуткан жокмун. Жада калса классташтарым, мугалимдеримдин кол чабууларына ээ болдум. Бул тажрыйба мага кээде күтүлбөгөн жана коркунучтуу жагдайлар жагымдуу натыйжаларга алып келерин үйрөттү», — деди ал.

———

2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы менен «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алуу укугун 149 бүтүрүүчү тастыктады.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарынан – 68 окуучу,

Чүй облусунан – 20 окуучу,

Ош облусунан – 17 окуучу,

Жалал-Абад облусунан – 9 окуучу,

Баткен облусунан – 9 окуучу,

Талас облусунан – 8 окуучу,

Ысык-Көл облусунан – 6 окуучу,

Нарын облусунан – 6 окуучу,

Ош шаарынан – 6 окуучу.

Тестирлөө 14-майда республика боюнча 36 пунктта өткөрүлүп, ага 2211 окуучу катышты. Талапкерлер «Алтын тамга» тестин 4 предмет боюнча тапшырышты — математика, эне тили жана адабияты, Кыргызстандын тарыхы жана химия .

«Алтын тамга» тестинин жыйынтыгы боюнча 17-19-майда апелляция жүргүзүлүп, 181 кайрылуу түштү.

Былтыр «Алтын тамга» аттестатына 167 бүтүрүүчү ээ болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE