Пример HTML-страницы

«Алтын тамга» алган эгиздер — Лилия менен Маргарита. Алардын бири так, экинчиси гуманитардык сабактарга кызыгат

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй районунан 5 окуучу «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына ээ болду. Алардын ичинде эгиздер Лилия жана Маргарита Лулаковалар бар.

Эгиздер В.Ф.Маркова атындагы №1 мектепти аяктап жатышат. Алар төрт бир туугандын улуусу. Ата-энеси — Оксана Лулакова, Роман Лулаков.

Бүтүрүүчүлөр 2006-жылы 28-июлда Чүй айылында төрөлүшкөн.

Лилия: «Азырынча кайсы окуу жайга жана кайсы факультетке тапшырарымды чече элекмин. Бош убактымда китеп окуганды жана гитара ойногонду жакшы көрөм. Сабактардын ичинен математиканы жакшы көрөм», — деди.

Маргарита: «Азыр кесип менен окуу жайды тандап жатам. Бош убактымда китеп окуганды, музыка укканды жана тамак жасаганды жакшы көрөм. Орус тили, адабияты жана англис тили сыяктуу гуманитардык предметтерди жактырам», — деди.

———

2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы менен «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алуу укугун 149 бүтүрүүчү тастыктады.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарынан – 68 окуучу,

Чүй облусунан – 20 окуучу,

Ош облусунан – 17 окуучу,

Жалал-Абад облусунан – 9 окуучу,

Баткен облусунан – 9 окуучу,

Талас облусунан – 8 окуучу,

Ысык-Көл облусунан – 6 окуучу,

Нарын облусунан – 6 окуучу,

Ош шаарынан – 6 окуучу.

Тестирлөө 14-майда республика боюнча 36 пунктта өткөрүлүп, ага 2211 окуучу катышты. Талапкерлер «Алтын тамга» тестин 4 предмет боюнча тапшырышты — математика, эне тили жана адабияты, Кыргызстандын тарыхы жана химия .

«Алтын тамга» тестинин жыйынтыгы боюнча 17-19-майда апелляция жүргүзүлүп, 181 кайрылуу түштү.

Былтыр «Алтын тамга» аттестатына 167 бүтүрүүчү ээ болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE