Пример HTML-страницы

Алты баласы менен түрк мырзасына турмушка чыккан Гүлжан айым 45 жашында жетинчи баласын жарыкка алып келди

Акыркы жанылыктар

Turmush«Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 51 жаштагы Гүлжан Тойчубекова. Ал түрк улутундагы мырзага 6 баласы менен турмушка чыгып, 45 жашында жетинчи баласын жарыкка алып келгенин, Түркиядагы жашоо жана элинин айырмачылыктарын Turmush басылмасына айтып берди.

«Мен 1973-жылы Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Кызыл-Адыр (Киров) айылында жарыкка келгем. Азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин прикладдык математика факультетин бүтүргөм. Турмуш жолуна узап, 6 баланын энеси болдум. Тагдыр экен, жолдошум каза таап, балдарым менен калдым.

“Жалгыздык Кудайга гана жарашат” дейт, бир нече жылдар өткөн соң, мен да жан шеригимди издөөгө бел байладым. Анан таанышуу сайттарынын биринен азыркы жолдошум менен таанышып калдым. Экөөбүздүн таанышуубуз жылуу мамилелерге өтүп, ал мага айтпай эле Түркиядан Кыргызстанга учуп келген. Мага баш кошуу сунушун киргизгенде, макулдугумду берип, чакан той өткөрдүк. Кайната жана кайнене жок, менин ата-энем каршылыктарын көрсөтүшкөн эмес», — дейт ал.

Гүлжан айымдын айтымында, биринчи турмушундагы 6 баласын азыркы жолдошу камкордугуна алган.

«Чогуу түтүн булатып келе жатканыбызга 12 жылдын жүзү болду. 45 жашымда кичүү уулум Али Усманды төрөп, 7 баланын энеси атыктым. Биринчи турмушумдагы 5 уул жана 1 кызды да Түркияга алып келип алдык. Мага да, балдарыма да абдан жакшы карады. Жолдошумду “менин тагдырымдын баатыры” деп атап келем. Анткени ар бир эле эркектин 6 балалуу келинди өзүнүн камкордугуна алууга чамасы келе бербейт.

Улуу балам үйлөнүп, Кыргызстанга кетти. Учурда 3 баланын атасы. Андан кийин кызым турмушка чыкты, ал дагы Кыргызстанда. Кийинки уулум да Ата Мекен алдында кызмат өтөйм деп, Кыргызстанга кетти. Азыркы тапта чек арачы болуп иштеп жатат. Муну менен катар төртүнчү уулум дагы мекенибизге кетти. Ошентип, жанымда 2 балам эле калды, баары Түркияда билим алышты», — дейт ал.

Каарманыбыз түрк эли-жеринин өзгөчөлөктөрүнөн кеп кылды.

«Түркияга келип, учактан түшкөндө эле жолдошум: “бул өлкө сага жактыбы?” деп сурады. Мага бул жерде мечиттердин көптүгү жаккандыгын айттым. Анткени ал убакта Кыргызстанда мечиттердин саны салыштырмалуу аз эле. Түрк элинин менталитети, жөнөкөйлүгү абдан жагат.

“Тиги көрүп койду, бул көрүп койду, эл эмне дейт?” дебей, өзү үчүн жашаган эл. Той өткөрүшсө да, бардык нерсе минималдуу, эртеси карызга батып калышпайт. Үйлөнүп жаткан эки жашка акча чогултуп берип коюшат. Конок келсе тынч эле чай берип, узатып коёбуз, эч ким сөз кылбайт.

Бул өлкөгө ар кайсы жактан келгендер көп, мындан улам улутчулдук, экиге бөлүнүү жок. Мени таң калтырганы, өлкөсү үчүн жан дилин берген патриот эл келишет. Өлкөнүн желеги алар үчүн ыйык нерсе.

Эркек акча таап, үй-бүлөсүн бакса, аялы үйдө отуруп, балдарына тарбия берүү менен алек. Негизи эле эркек кишинин тапкан акчасы абдан берекелүү болот. Түрктөрдүн аялдары эркин жана башын көтөрүп гана жүрүшөт. Мисалы, коомдук транспортто тээ аягына отуруп алып, айдоочуга “токтотуп кой” деп кыйкыра алат. Анан акырын адамдарды аралап, шашпай эле түшүп кетет. Айдоочу же жүргүнчүлөр жаман көрүп, “жанатан бери алдыга жылып, түшүүгө даярданып турбайсыңбы» деп тилдешпейт.

Учурда көкүрөк күчүгүбүз Али Усмандын атынан фирма ачып, ошону өнүктүрүү алдында турабыз. Карыганда кадырлуу карылыкка жетип, артымдан жакшы иштерди калтырып, элдин батасына татыгым келет», — деп сөзүн жыйынтыктады Гүлжан Тойчубекова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE