Алмаз Исаев 100 тоннадай күрүч топондорунан 28 кг салмактагы кыштарды жасап жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushСузак районуна караштуу Ак-Баш айылынын 51 жаштагы тургуну Алмаз Исаев күрүчтүн калдыгынан курулушка керектүү блок (кыш) чыгарып жатат. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, бул жумушту колго алганына быйыл экинчи жыл болгон. Буга чейин күрүчтү актоочу цех иштетип келчү. Анда талаадан жыйналып келген шалы күрүчкө айлангандан кийинки тонналаган топонду айылдан алыс төгүүгө трактор жалдап төктүрчү. Эми жылына чыккан 100 тоннадай калдыктын баарын иштетип жатат. Ал 2 жыл алдын опилка блок жасаган балдар менен сүйлөшүп, күрүчтүн калдыган да блок чыгарып көрүү сунушун айтып көргөн. Адегенде 20дай блок чыгарып көрүшкөн.

«Балдар өздөрү да ишенбей жатышкан. Биз жасаган блокту кызыгып алып иштеткендер да болду. Ошону менен бири-биринен угуп олтуруп, азыр Ысык-Көл, Талас, Чүйдөн да буйрутма берип, алып кетип жатышат. Булар менен курулган имараттар кышында жылуу, жайында салкын болот. Блоктун чоңу суу мезгилинде 27-28 кг салмакта болсо, кургаганда 20-21 кг жакын болот. Узуну 40 см, туурасы 30 см, бийиктиги 20 см түзөт. Үйдүн ички дубалдарына деп жасалган кичине блоктор мунун тең жарым салмагында болот. Мындай блокторду жасоого 60% топон, 30% топон, бир аз «клей» кошулат. Муну ылайы менен да, цемент менен да бышыктап дубал тургуза берсе боло берет», — деди ал.

Учурда мындай блок менен Сузак районунда 10дой үй салынды. Блок чыгаруу жумушун май айынан ноябрь айына чейин жүргүзүшөт. Алар 10-15 күндө кургайт.

Каарманыбыз элдин шалысын кургатууга ылайыкталган жай да салган. Ага ылайыктап шамалдаткыч да орнотуп, мүмкүн болушунча муздак шамал менен данды кургатып берет. Райондогу, жакынкы айылдагы эл шалысын көчөгө башка жерлерге жайып кургатып убара болбой калышкан. Талаадан орулуп чыгаары менен ушул жайга алып келип кургаттырышат.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️