Пример HTML-страницы

Алманбет Анапияевдин жердештери Жогорку Кеңештин депутатын туура эмес пикир жаратпоого чакырды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 5-июнда АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында Чоң-Алай районунун айрым тургундары кайрылуу жасады.

Алар Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбековдун («Ыйман Нуру» фракциясы) парламент трибунасында Алманбет Анапияев тууралуу айткан сөзүнө нааразычылыгын айтышты. Ошондой эле 13 сотых талаштуу жер айыл аксакалдары эле чече турган маселе экенин айтышып, Н.Кадырбековду Анапияев тууралуу туура эмес пикир жаратпоого чакырды.

Депутат Нуржигит Кадырбеков Жогорку Кеңештин жыйынында бир топ жыл мурун уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрү жерлерди күч менен алып койгонун, ага укуктук баа берилиши керектигин айтып чыккан.

Айыл аксакалдары Орозбек Нуруллаев, Сайдилла Маматалиев, Акмат Батыркулов, Ислам Каримбеков, Коңурбай Турдукулов Алманбет Анапияевдин айыл үчүн жасаган иштери, жардамдарына токтолуп, талаш жараткан 13 сотых жер тууралуу да айтып өтүштү.

«Н.Кадырбеков айылга келсин, бизден Анапияев боюнча сурасын. 13 сотых эмес, 13 гектар жер үчүн да андай жолго барбай турган адам. Өмүрү өткөнгө чейин мечиттерди көмүр менен камсыздап, мечит куруп, жардамга муктаждарга жардам берип келген адам эле», — дейт Сайдилла Маматалиев.

Буга чейин айыл өкмөт башчы болуп иштеп кеткен Акмат Батыркулов жер боюнча арызданган тургун өзү жерди 130 миң сомго сатканын кошумчалады.

«Арызданган адам менен Анапияев бир уруунун балдары. Убагында 130 миң сомго саткан экен. Документи мамлекеттик каттоодон чыгып жатат. Анан 18 жыл өткөн соң мындай кылганы туура эмес. Эртең балдары, неберелеринин арасында бири-бирине кастык жаралып калат», — деди ал.

Дагы бир жергиликтүү тургуну Орозбек Нуруллаев бул маселени айылдагы 5-6 аксакал эле чечип кое турганын айтты.

«Ушул кичинекей жердин маселеси Жогорку сотко чейин жетип барганы айыл эли үчүн да уят болуп жатат. Сот эми баары бир бир тарапка чечет да, экинчи тарап өмүр бою нааразы болуп өтөт. Ошого айыл эли эки тарапты угуп, кеңешип, эч кимди нааразы кылбай чечип берет элек», — дейт Орозбек Нуруллаев.

———————————————————

Алманбет Анапияев 1973-жылы 17-августта Чоң-Алай районунун Жекенди айылында туулган. Ал Эл аралык алыш күрөш федерациянын президенти болгон.

2015-жылы февраль айында ал Минск (Белоруссия) шаарында өлтүрүлгөн. Ал кичи мекени Жекенди айылда жерге берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE