АЛМА ДАРАГЫ

https://kyrgyzcha.site/?p=59295&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

???????

 

 АЛМА ДАРАГЫ.

 

Бир кары кой багуучу чал болгон экен. Ал күндө койлорун алдына салып талаалап багып, күн кызыганда бир алманын көлөкөсүндө эс алчу дайыма. Анан да алмага карап » БАЛАМ МЕНИН БУГУНКУ ЫРЫСКЫМДЫ ТУШУР » дечү. Бир аздан кийин жерге топ этип кып кызыл бышкан алма түшчү. Чал бир кездерде бул алманы чырпык маалында ушул жерге отургузуп койгон эле. Жылдар өтүп алма чоноюп, мөмөгө кириптир. Чал болсо бою чөгүп, үнүйүп калыптыр. Ошондо да бул алма дарагы чал үчүн баягы эле жаш чырпыктай экен. Ар дайым балам дечү. Ага суу куюп, астын жумшартып өтө жакшы караптыр . Кээде даараттан калган суусун дагы жакшы ниетте куюп койчу. Күндөрдүн биринде адаттагыдай эле, чак түштө алманын түбүндө жатып эс алып, намазын окуп, » БАЛАМ МАГА ЫРЫСКЫМДЫ ТУШУР «,- дептир. Алма түшпөптүр, таң калып кайра дагы сураптыр, ушул убакытка чейин мындай болгон эмес эле. Чал аябай тан калыптыр. Ойлонуп ордунан туруп койлорун алдына салганча айылды коздой басты. Жол катар, кыжаалат болуп, ойлонуп, жандүйнөсү талкаланып, жүрөгү ооруду. Айылга кире бергенде Азан үнү угулду. Бул азан ушунчалык башкача угулуп, кудум эле ушул азандан кийин бир кубанычтуу окуя боло тургандай сезилди. Терен ойлонуп чал акырын жылмайып койду да артка, алма дарагын көздөй жөнөдү. Алманын түбүнө келип , » ЭЭХ МЭЭРИМДУУ АЛЛАХЫМ, МЕНДЕЙ КАРЫЯНЫН УНУТЧААК ЭКЕНИН БИЛИП ТУРУП, МЕНИ КАПА КЫЛБАСТАН , МАГА БИЛДИРБЕЙТ БЕЛЕН «,- деген сөздөр менен сөзүн улады: » БУГУН ОРОЗО АЙЫНЫН БИРИНЧИ КУНУ ЭМЕС БЕЛЕ «,- деп созун аяктады.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️