Алина Нурбек кызын болочоктогу жолдошунун күтүүсүз сунушу таң калдырган

Акыркы жанылыктар

Turmush«Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Чолпон-Ата шаарынын Бостери айылынын 27 жаштагы тургуну Алина Нурбек кызы.

Каарманыбыз 1997-жылы Ысык-Көл районунун Корумду айылында төрөлгөн. Ал Бостери айылына келин болгон.

«Учурда эки балам, жолдошум, кайнене-кайнатам менен Бостери айылында турабыз. Балдардын кийимин сатып, онлайн дүкөн иштетем. Өзүм юридикалык колледжди бүткөм, кесибим боюнча юристмин», — деди ал.

Анын айтымында, болочоктогу жолдошу үчүнчү жолку жолугушууда эле үйлөнүү тууралуу сунуш киргизген.

«Турмушка чыккан соң 5 күндөн кийин 23 жашка толгом. Жолдошум менен досторубуз аркылуу таанышканбыз. Жолдошум Дамирбек уулу Темирлан 1995-жылы төрөлгөн. Ал абдан олуттуу. Биз болгону 3 жолу кезиккенде эле «мен сени алам, мен романтик эмесмин, мага тиесиңби?» деп айтып таң калтырган. Алгач тамашалап жатат го деп ойлогом. «Алсаң тийем деп койгом. Эки күндөн кийин эле досун алып, үйлөнөбүз деп келиптир. 1 жыл күтө туралы десем такыр болбой койгон. Ошентип 3 ай сүйлөшкөндөн кийин үйлөнгөнбүз. Мени жөнөкөйлүгү, мага болгон мамилеси менен жүрөгүмдү багындырып алды. Ал айылда техника айдап иштейт, өзүнүн жумушун абдан жакшы көрөт.

Пример HTML-страницы

Турмушка чыккандан кийин көп нерсе үйрөндүм. Кайненем менен мамилебиз абдан жакшы. Бош убактымда буюртма алып, шамчырак жасайм. Шамчырактарды 350 сомдон сатам. Мындан сырткары тойлорго кичинекей кутуларды (бонбоньерка) жасаганды үйрөндүм. Жакында эле той бердик, өз колум менен жасадым. Учурда буюртма алып жатам. Келечекте чоң дүкөн ачуу максатым бар», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️