Пример HTML-страницы

Алгач боз үйдө уюшулган Жумгал райондук ооруканасын 97 жыл кимдер жетектеген?

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖумгал райондук жалпы дарыгерлер практикалык ооруканасы 97 жыл мурун уюшулган. Бир кылымдык тарыхы бар бейтапкана тууралуу аймактык кабарчы маалымат топтоду.

1927-жылы боз үйдө түптөлгөн оорукана Жумгал дарыгердик амбулаториясы деп аталып, анда Камышыченко аттуу ак халатчан жетекчилик кылган.

1930-жылы 25 койкалык оорукана болуп ачылып, Россиядан келген Бакин аттуу дарыгер башчылык кылган. Аны менен чогуу 4 кызматкер менен эмгектенген.

1939-жылы 40 койкалык ооруканага Украинадан комсомолдук жолдомо менен 4 дарыгер, 16 медайым, башкы дарыгер Капинос Фаина Платоновн келип, 1989-жылга чейин эмгектенишкен.

1950-жылы 45 койкалык оорукана болуп, 6 дарыгер жана 37 медайым иштеген. 1961-жылы 75 койкалык оорукана болуп, 20 дарыгер жана 65 медайым эмгектенген, 1970-жылы 150 койкалык оорукана болуп, 38 дарыгер, 148 медайым иштеген, 1980-жылы 260 койкалык оорукана болуп, 68 дарыгер, 280 медайым иштеген, 1990-жылылы 260 койкалык оорукана болуп, 76 дарыгер, 310 медайым эмгектенген.

1999-жылы бейтапкана республикалык сынакта 1-орунду жеңип алган.

2001-жылы 195 койкалык ооруканада 78 дарыгер, 378 медайым иштеген. 2002-жылы саламаттыкты сактоону реформалоонун натыйжасында райондук үй-бүлөлүк медицина борбору жана амбулатордук бөлүм болуп, 2 мекеме болуп уюшулган. Кийин №8 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 7 фельдшердик акушердик пункту (ФАП), 7 стационардык бөлүм, 3 амбулатордук бөлүм ачылган. 2021-жылдын 14-апрелинде кайра бириктирилип, Жумгал райондук жалпы дарыгерлер практикалык борбору (ЖДПБ) болуп уюшулган.

Учурда бейтапканада 26 дарыгер, 18 медайым, саламаттыкты сактоонун ардактуу

кызматкери, жогорку категориядагы 13 дарыгер, 61 медайым, биринчи категориядагы 4 дарыгер, 33 медайым эмгектенет.

Учурда тез жардам унаалары токтой турган 6 бокстуу автогараж куруу пландалууда. Ошондой эле, 20 койкалык 2 кабаттуу жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имаратын куруу үчүн республикалык бюджеттен каржы бөлдүрүү маселеси каралып, долбоордук документтер жасалды.

Ооруканада жетекчи болуп иштегендер:

1. Камышыченко 1927-1930 жылдары;

2. Бакин 1930-1940 жылдары;

3. Капинос Фаина 1940-1948 жылдары;

4. Юркевич 1948-1951 жылдары;

5. Турусбек Исмаилов 1951-1956 жылдары;

6. Капар Токтомбаев 1956-1968 жылдары;

7. Сатыбек Солтонкулов 1969-1978 жылдары;

8. Аалы Орозбеков 1978-1984-жылдары;

9. Темирбек Мамыткожоев 1984-1986-жылдары;

10. Насирдин Кыдыралиев 1986-1989-жылдары;

11. Курманбек Алияскаров 1989-1991 жылдары

12. Тынчыбек Мамаев 1991-1995-жылдары;

13. Зарылбек Кожоналиев 1995-1997-жылдары;

14. Кыштообай Асанов 1997-1998-жылдары;

15. Кумар Токтомбаев 1998-2003-жылдары;

16. Анар Өмүрзакова 2001-2016-жылдары;

17. Гүлсара Казыбекова 2003-2007-жылдары;

18. Кыштообай Асанов 2007-2015-жылдары;

19. Садырбек Чыныбаев 2015-2016-жылдары;

20. Салтанат Султанова 2017-2018-жылдары;

21. Муратбек Акымбаев 2017-2018-жылдары;

22. Таалайбек Үркүнчиев 2018-2021-жылдары эмгектенген;

23. Айнур Тентиева 2019-жылдан бери иштеп келет.

Дарыгерлер:

К.Токтомбаев, Ш.Абышев, С.Солтонкулов, Т.Тыналиев, Т.Рысалиев, Б.Калиев, Т.Мамытов, А.Орозобеков, Б.Сарбанов, С.Эсентаева, С.Алымкулова, Ж.Кубаталиев, Ж.Сатыкеев, З. Кожоналиев, Г.Абдыкадырова, А.Орозобеков, Т.Мадиева, Т.Дүйшөналиев, Т.Көчмамбетов, Нуриса Калкабаева, Анар Өмүрзакова, Кыштообай Асанов, Г.Апселова, Бурул Бейшебаева, Мээрим Курманова, Акыл Нааматова, Жусупова, Дүйшөн Болотбеков, Нуржамал Акылбекова, К.Айдралиева, З.Муталиева, Т.Токтоназарова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE