Пример HTML-страницы

Алгач апасына гана ырдап берген Айлин азыр эл алдына чыгып, кол чабууларга татып келет

Кыргыз спорт жанылыктары

Turmush«Жаш талант» рубрикасынын кезектеги каарманы — Каракол шаарынын тургуну Айлин Кылычбекова. Ал калаанын маданий иш-чараларына активдүү катышып, чоң сахнаны багындыра баштады. Бала бакчага барган кезинен тарта таланты ачылган Айлин жөнүндө апасы Эдиса Жолдошбекова айтып берди.

Кылычбекова Айлин Темирлановна 2017-жылы 15-декабрда туулган. 2 жашынан тарта шаардагы бала бакчалардын бирине бара баштаган. Быйылкы окуу жылында бала бакчаны аяктап, мектепке даярдана баштаган учуру.

«Кызымдын талантын ачууга алгач барган №5 жана быйыл аяктап жаткан №16 бала бакчадагы тарбиячылардын салымы зор. Алар Айлиндин ырга болгон шыгын байкап, жаттоого ырларды берип, бала бакчанын иш-чараларында ырдатып башташкан. Үйгө келгенде дайым мага ырдап ырдап берчү. Башында мен үчүн гана ырдаса, азыр көпчүлүккө ырдап, бизди кубантып келет», — дейт Эдиса Жолдошбекова.

Айлиндин айтымында, ар бир ырды жүрөгү менен аткарганга аракет кылат.

«Бала бакчадан тарбиячылар берген ырларды жаттачумун. Анан сыналгыдан ырчыларды көрүп, алар менен кошо ырдаганды жактырам. Ар бир ырдын маанисин жеткиргенге аракет кылам. Апа деген ырды аткарып жатканда, апама, чоң энеме жана таенеме арнап, ырдап жаткандай элестетем. Бизди мугалимибиз “ар бир ырды жүрөгүңөр менен аткаргыла” деп үйрөтөт», — дейт Айлин.

Айлин ырдоо менен катар «Манас» эпосунан үзүндү айтуу иш-чараларына да катышып келет. Жаш таланттын ата-энеси анын башкы күйөрманы экенин айтышат.

«Энелер күнүндө аткарган ырынан кийин көп тургундар таанып калышты. Иш-чарага катышкан апалар батасын берип кайтышты. Мындан сырткары Улуттук телеканалдын балдар берүүсүнө катышып, ырдап келген. Жакынкы күндөрү дагы конокко барганы даярданып жатабыз. Ата-энеси катары дайым колдоп келебиз. Негизи баланын талантын ачууга, анын коомго пайдалуу инсан болушуна ата-эненин көмөгү керек эмеспи. Атасы экөөбүз жылуу сөзүбүздү айтып, ал кайда ырдабасын башкы күйөрманы болуп келебиз», — дейт Эдиса Жолдошбекова.

Үй-бүлөдө Айлин 4 бир туугандын экинчиси, агасы жана 2 сиңдиси бар. Быйыл Каракол шаарынын Жолболду уулу Садыр Аке атындагы №6 жалпы билим берүү мектебине башталгыч класска баруу алдында турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE