Албарсты чын эле барбы? Комузчу Ш.Айдакеев тууралуу баяндагы окуя

Акыркы жанылыктар

TurmushКочкорлук комузчу Шаршеналы Айдакеевдин чыгарган күүлөрү чертилбей унутта калган, деп билдиришти тургундар.

Шаршеналы Айдакеев болжол менен 1904-жылы Кочкор аймагындагы Семиз-Бел болуштугунун Кара-Күнгөй айылында туулган. Ал арык тукуму ичиндеги саргалдак уруусундагы эшбала тобунан. 1912-1914-жылдары Кара-Күнгөйдө Ыйманбай Орозалин деген мугалимден сабак алып, латынча жазууну жана орусча сүйлөөнү үйрөнгөн. Ыйманбай Орозалин Шаршеналыга таяке болгон. Ал медресеге Петр биринчинин сүрөтүн илип коюп, балдарга Казань шаарында чыккан гезит, журналдарды окуп берген экен. 1914-жылы Ыйманбай орус-герман согушуна жөнөтүлүп, балдардын билим алуусу токтойт.

1916-жылы элдик көтөрүлүштө Сагын болуш Ниязбеков баштаган аскерлер Кара-Коодогу (азыркы Кочкор) орус аскерлерине кол салат. Шаршеналынын атасы Айдаке да орус жазалоочуларына каршы согушка катышкан. Аталаш тууганы Ындыбай Атанбай уулу орус жазалоочулары менен кармашта курман болгон. Орус аскерлеринин күчүнө тең келе албай, Кытайга качышкан. Шаршеналы ал кезде 12 жашта болчу. 1917-жылы эл менен кошо айылына кайтып келип, совет өкмөтү орногондо ячейкада, колхоздо кызмат кылган.

1921-жылы Шаршеналынын мурдагы мугалими — революциялык ишмер, Жети-Суу облустунун казак-кыргыз аскер комиссарынын милдетин аткаруучу Ыйманбай Орозалин деген таякеси айылга келет. Ал мурдакы болуш болгон Турганбай Мендибай уулун жана башка байларды кулакка тартып, болуштун күмүш каштуу анжиян ээрин Шаршеналыга белекке калтырат. Ыйманбай: «Эмдиги жылы келип, сени ичкериге (Олуя атага) алып кетип окутуп, киши кылам» деген экен. Бирок Ыйманбай кайтып келбептир. «Эгер ошондо окуп калсам, өкмөттүк ишке да аралашпайт белем» деп айтып калчу дешет. Ыйманбай Орозалин кийин Талды-Курган райкомун жетектеп турган кезинде душмандары аялы аркылуу уу бердирип каза болгон экен.

Аталаш агасы Тынай Ындыбай уулу комсомол ячейкасын жетектеп турганда репрессияга кабылып, дайынсыз кеткен.

Пример HTML-страницы

Шаршеналы күүчү, комузчу болгон. Кара-Күнгөй айылында Шаршеналы жөнүндө аңыз кептер көп айтылат. Ал боз жигит кезде Кашаң-Бээде келе жатканда жалгыз улакты көрөт. «Энесинен адашып калган тура» деп өңөрүп алат. Жолдо келе жатып «эркек бекен же ургаачы бекен?» деп текшерсе, улак адамча сүйлөйт: «Көңүлүңүзгө толдукпу, эмчегим уучуңа толдубу?» дептир. Чоочуп кетип, таштап жиберет. Улак кулап түшкөн жерден көздөн кайым болот. Шаршеналы аттан түшө калып, ошол жерди тегерете чийип жиберип, тегерек чийин ичин камчы менен сабайт. Жанагы албарсты экен, сабаганга чыдабай, чыга калып жалынат. Бошотуусун суранат. Болбой сабаганда, тилинин астынан үч бурчтук кагаз бериптир. Ошондон тарта Шаршеналы «куучу» аталат. Албарстыны баш ийдирип, төрөй албай жаткан аялдарга эми тийип, адамдарды дарылайт. Элдер Шаршеналыдан чочуп «ал албарстысы аркылуу билип алат» деп жаман сөз айтчу эмес экен.

Шаршеналы Айдакеев комуз чертип күү чыгарган. Анын «Шыңгырама», «Кыял мас» жана башка да күүлөрү болгону эл арасында айтылат.

1949-50-жылдарда Филармонияда Атай Огонбаев менен бирге иштейт. Аялы Айдакеева Салый артисттикке көнө албай койгондо айылга кайтып келет. Колхоздо жылкы фермада, кампачы, дүкөнчү болуп иштейт. Аялы Салый колхоздо алгачкы ассимлятор болгон.

1974-жылы 70 жашында кайтыш болгон. Шаршеналы Мукай, Мыктыбек деген эки уулдун атасы. Анын күүлөрүн уулу Мукай, кийин Мукайдын уулу Комел чертип жүргөн. Бирок учурунда башкаларга үйрөтпөгөндүктөн унутта калган. Мукай, Комел экөө тең дүйнөдөн кайткан. Залкар комузчу Зайнидин Иманалиев анын «Кыял мас» деген күүсүн черте калып жүрөт. Экинчи уулу Мыктыбек Шаршеналиев Кочкор районундагы Кош-Дөбө айыл аймагында «Кара-Күнгөй—Үкөк Суу» суу пайдалануучулар ассоциациясынын директору болуп иштейт.

Шаршеналы Айдакеевдин «Кыял мас» күүсү

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️