Turmush — Бүгүн, 29-март күнү Талас шаарында облус жетекчилигинин имаратында сүттүн баасы боюнча жыйын өтүп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.
Маалым болгондой, облустун бардык райондорунан келген адамдар сүт баасы боюнча маселени көтөрүп, алар менен президенттин Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, район акимдери жолукту.
Келгендердин айтымында, азыркы учурда 30 сомдон сүттү өткөрүп жатышат. Сүт алуучулар «Баа арзандап, 25 сомго түшүп, дагы да 17 сомго чейин арзандайт» деп айтышкан. Алар сүттүн арзандап жатканына, тамак-аш азыктары кымбаттап жатканына нааразы. Сүт баасы декабрь-январь айында 40 сомго чейин көтөрүлгөн.
Облус жетекчиси Бакытбек Нарбеков бардык райондор үчүн атайын сүт ташуучу унааларды алуу, атайын эл арасынан комиссия түзүп сүт алуучу унаалар менен бирге сүт баасын жана анын сапатын текшерүү керектигин айтты.
Сүт заводдордун өкүлдөрүнүн айтымында, 1 тонна сүттөн 200 литр суу чыккан учурлар болот.
Алар буга чейин да топтолушкан:
Бул тургундар 3-март күнү да Талас облустук администрациясынын алдына чогулушкан. Алар сүттүн баасын көтөрүүнү талап кылышкан.
«Учурда сүттүн литри 30 сом болуп жатат. Губернатор «бааны 48 сомго чейин такайм» деп сөз берген эле. Ал баа 2 күндөн кийин кайра түшүп калды. Сүт азыктарынын баары кымбат, кайра дүкөндөн ала албайсың. Бизден болсо сүттү тыйынга эле алып жатышат. Биз бааны кышы-жайы бир баада, 40 сомдон жогору кылып берүүнү талап кылып чыктык», — деген алар.
Ал эми Монополияны жөнгө салуу агенттигинин Таластагы башкармалыгынын жетекчиси Нуржан Аманкулов завод жетекчилери менен жолуга турганын айткан.
«Биздин облуста сүт иштетүүчү 6 завод иштейт. Баа былтыркы жылдын март айынан бери 12-17 сомго кымбаттады. Элдин чогулуп, бул талап менен чыкканы да токтой элек. Бирок мунун үстүнөн иш алып баруу менен жыйынтык болууда. Азыр дагы завод жетекчилери келди. Эки тарап менен жолугушуу болот», — деди ал.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.