Алар Кадамжайдагы айылда багылып жатат (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushКадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагында «Роналдо» фермасында Чехиядан алынып келинген асыл тукум эт, сүт багытындагы уйлар багылып жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Ферманын 60 жаштагы башчысы Мурзакарим Ботобековдун айтымында, Чехия мамлекетинен 8,7 млн сомго (90400 евро) «симментальский монбельярд» породасындагы 30 уй жана 1 бука алынып келинген. Уйлар күн сайын 20 литрден сүт берет. Буканын баасы 640 миң сомго жакын болгон.

«Бул уйларды бүт шарттарды түзүп, 2023-жылдын октябрь айында алып келгем. Өлкө башчыбыздын «сандан сапатка өтөбүз» деген сөзүнөн кийин сапатты жакшыртууну туура дейм. Учурда 30 уйдун 26сы тууду. Биринчи туушу. Күн сайын 20 литр сүт берет. Музоолору энесине эмизилбейт, колдо сүт ичирилет. Туулганына 1,5 айдан өтүп калган музоолорго күн сайын 9 литр сүт берилүүдө. Ал эми 2-3 күн мурда туулгандарына 3 литрден сүт беребиз.

Азыркы учурда 45 миң долларга уй саай турган аппарат алдык. 20 уйду 20 мүнөттө саап бүтөт. Сүт саалган бойдон түз муздаткычка барып түшөт.

Малдын башын 200гө жеткирип, сүт азыктарын кайра иштетүүчү ишкананы ишке киргизип, эл аралык базарга алып чыгуу планыбыз бар. Бул уйлар жыл боюу колдо багылат. Байланбайт, талаага да айдалбайт. Анткени бутунун асты жумшак болгондуктан көп бастырууга болбойт. Бирок биздин Кыргызстандын шартына эң ыңгайлашкан. Дагы бир жакшы жагы бул уйлар туугандан кийин кайра тууганча саала берет. Туушуна 15-20 күн калганда саалбай турат. Жеми атайын рацион менен берилип, күнүнө 10 кг жем жейт. Эртең менен 5 кг, кечинде 5 кг берилет», — деди ал.

Фермер буга катар эле асыл тукум мал чарбасын «Рональдо» деп атаганынын себебин түшүндүрдү.

Пример HTML-страницы

«Ферманын атын неберемдин атынан койдум. Өзүм футболду жакшы көргөнүмдөн неберемдин атын Криштиану Роналдунун атынан Роналдо деп койгом. Азыр 2-класста окуйт», — деди ал.

Бул чарбанын жалпы курулушуна 1 млн 150 миң доллар сарпталган. Учурда күнүнө 500 литрге чейин сүт өндүрүлөт.

  • «Симменталский монбельярд» аргындаштыруудан келип чыккан порода. Симментал породасы Швейцарияда пайда болсо, сонбельярд породасы Франциядан пайда болгон. Кийин бул эки породаны аргандаштырып, малдын асылдуулугун арттырышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️