Аламүдүндө үрөй учурган кырсык катталып, каза тапкандардын өздүгү аныкталды (сүрөт, тизме)

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЧүй облусунун Аламүдүн районунда кырсык катталып, 2 адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу Turmush басылмасына окуянын күбөлөрү билдиришти.

Алардын айтымында, бүгүн, 23-июлда Аламүдүн районунун Сүймөнкул Чокморов айыл аймагына караштуу Октябрь айылындагы Пионерский көчөсүндө жол кырсыгы орун алган. Анда «Киа Пиканто» жана «Мицубиси Аутлендер» үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Натыйжада 2 адам жеринде каза тапкан. Алар:

— «Киа Пиканто» үлгүсүндөгү унаасынын айдоочусу — Россия Федерациясынын жараны Б.А.Ф. (40-45 жашта);

— «Киа Пиканто» үлгүсүндөгү унаанын жүргүнчүсү — Кыргызстандын жараны Ш.Ч.Б. (1983-жылы туулган).

Алардын жансыз денелери Аламүдүн районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары тарабынан автоунаадан чыгарылып, милицияга өткөрүлүп берилди.

Пример HTML-страницы

Кырсыктын кесепетинен жабыр тарткан «Мицубиси Аутлендер» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Г.Н.М. (1954-жылы туулган) тез жардам кызматы менен Чүй облустук ооруканага жеткирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️