Аламүдүндө мыйзамсыз сатылып жаткан 4 тоннадан ашык күйүүчү май алынды

TurmushАламүдүн районунун Достук айыл аймагында мыйзамсыз күйүүчү май сатууга тыюу салуу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттөн билдиришти.

Маалыматка караганда, аймактык тескөөчүлөр, райондук салык инспекциясы, Аламүдүн мамлекеттик администрациясы жана Достук айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин катышуусунда рейддик иш-чара өттү.

Бүгүн, 7-сентябрда 4 тонна 310 литр бензин жана 1 тонна дизель алынды. Укук бузуулар кодексинин 179-беренесинин 1-пунктуна (жол жээгиндеги тилкелерде тиешелүү органдар менен макулдашпастан, соода түйүндөрүн, тамактануу пункттарын, сервистерди же жарнама такталарын, паннолорду, афишаларды, транспаранттарды, көрнөктөрдү, плакаттарды, белгилерди, көрсөткүчтөрдү куруу же уюштуруу) ылайык, 4 протокол түзүлүп, айып пул салынды.

Ошондой эле айыл аймактагы айланма жолдун аймагы тазаланып, 80 тонна таштанды чыгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️