Аламүдүндө 3 жаштагы наристенин сөөгүн суудан алып чыгышты

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кашка-Суу айылына жакын жерде 3 жаштагы наристе сууга түшүп кетти. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына жергиликтүү тургундар билдирди.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ, 29-августта 2021-жылы туулган А.А.ны агын алып кеткен.

Издөө иштерине Аламүдүн райондук №1 отрядынан 8 куткаруучу, Сокулук райондук №23 отрядынан 5 куткаруучу тартылган. Алар 19:20да келишти. Саат 04:15ке чейин издешти, бирок натыйжа болгон жок.

Бүгүн, 30-августта Кашка-Суу айыл аймагындагы «Горный Воздух» дачасынын аймагындагы каналдан баланын жансыз денеси табылды. Ал милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️