Пример HTML-страницы

Аламүдүн районунда жөө жүргүнчү жүк ташуучу унаалардын катышуусундагы кырсыкка себепкер болду. Видео

Кыргыз спорт жанылыктары

Turmush22-майда Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ленин айылында эки жүк ташуучу унаа кагышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга окуянын күбөлөрү билдирди.

Алардын айтымында, жол кырсык жөө жүргүнчүнүн айынан келип чыккан.

«Жол эрежесин сактабаган жөө жүргүнчүнүн айынан эки жүк ташуучу унаа кагышты. Окуя болгон жерден 30 метр аралыкта жөө жүргүнчү өтүүчү белги бар болчу. Бирок, жөө жүргүнчү жолду кесип, чуркап өткөн.

Кырсыктын кесепетинен бир айдоочуну тез жардам унаасы оор абалда ооруканага алып кетти. Экинчи айдоочунун буту унаага кыпчылып калган. Куткаруучулар келип, темирди кесип, чыгарышты», — деди алар.

Чүй ОИИБ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы маалыматты тактап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE