Пример HTML-страницы

Аламүдүн районунда сууга агып кеткен эне-баланы издөө ишине катышкан куткаруучу А.Акыловдун тажрыйбасы

Акыркы жанылыктар

TurmushАрген Акылов Аламүдүн райондук ӨКБда өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмчөсүнүн улук офицери болуп иштейт.

Каарманыбыз 1995-жылы 21-сентябрда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жарык дүйнөгө келген. Билими жогорку, Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарындагы Өрткө каршы мамлекеттик университетинен билим алып келген. Үй-бүлөлүү, 2 уулдун атасы.

«Бала кезден бери куткаруучу болсом деп кыялданчумун. Адам өмүрүн сактап калуу жана элге-жерге кызмат кылуу — чыныгы кыргыздын уулу үчүн чоң сыймык. Эмгек жолум 2016-жылы башталды. Анда Бишкек шаардык №7 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнө өрт өчүрүүчү-куткаруучу болуп киргем. Азыркы учурда Аламүдүн райондук ӨКБда өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмчөсүнүн улук офицери болуп иштейм. Аскердик чиним — лейтенант», — деди каарманыбыз.

Куткаруучу иш үстүндөгү эсинен кетпеген окуяны айтып берди.

«Биздин кызматта ар кандай окуялар болуп турат. 2023-жылы жай мезгилинде Аламүдүн районундагы бир айылда эне-бала сууга агып кеткен. Алгач кичинекей кыз агып кеткен экен. Аны куткарам деп артынан апасы сууга секириптир. Биз издеп жатып, ошол күнү кечки саат 20:00 чамасында апасынын жансыз денесин таап чыктык. Ал эми кыздын сөөгүн он күндөн кийин суунун төмөн жагынан тапканбыз. Атасы, бир туугандары биз менен чогуу жүрүштү. Алардын кейиштүү абалын көрүп, аябай кайгырганбыз. Ошондой учурда адам баласы ушунча алсыз экени билинет. Ушундай кырсыктардын алдын алуу максатында калк арасында коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча тушүндүрүү иш-чараларын байма-бай жүргүзөбүз. Бирок ошого карабай, ушул сыяктуу кырсыктар болуп жатканы өкүндүрөт. Адамдар өз коопсуздугубузду өзүбүз камсыздап жүрсөк, айтылган эрежелерди так аткарсак дейт элем», — деди ал.

Арген мырза футбол ойногонду жактырат.

«Келечектеги максаттым — Мекенге дагы да болсо кызмат кылуу, өзгөчө кырдаалдарды болтурбоого колумдан келген салымымды кошуу. Хоббим — футбол ойноо. Өзүңөр билгендей аскер кызматкери болгондуктан, бизде бош убакыт өтө аз. Ошол себептен бош убактымды үй бүлөм менен өткөргөнгө аракет кылам», — деди ал.

Эске салсак, 2023-жылы 18-июлда Аламүдүн районундагы эс алуучу жайда 2 адам — эне-бала сууга агып кеткен. 1996-жылы туулган А.Э. кызын куткаруу үчүн сууга секирген. Ошол күнү бирөөсүнүн сөөгү табылганын. Андан кийин, 27-июлда 2022-жылы туулган С.К.нын сөөгү табылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE