Аламүдүндө топурак алдында калган киши жан берди. Сүрөт

TurmushБүгүн, 30-мартта саат 08:30дар чамасында Аламүдүн районунда, тактап айтканда Бишкек—Нарын—Торугарт айланма унаа жолу менен Алма-Ата көчөсүнүн кесилишиндеги дөңсөөдөн топурак урап түшүп, эркек кишини басып калды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жерине 5 куткаруучу тартылып, саат 10:05те эркек адамдын жансыз денесин чыгарып, укук коргоо кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Учурда каза болгон жарандын өздүгүн тактоо жана окуяны иликтөө иши жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️