Алайлыктар 4 адамдын өмүрүн алган дарыяга көпүрө курууну талап кылышты

TurmushБүгүн, 14-апрелде президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Алай районундагы жашоочулар менен жолугушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жолугушууда жергиликтүү тургундар көп жылдан бери чечилбей жаткан таза суу, бала бакча, мектеп, оорукана, жер көчкү коркунучу бар аймактар жөнүндө жана жолдор боюнча маселе көтөрүштү.

Жергиликтүү тургун Султан Абжапаров көпүрө куруу зарыл экенин белгиледи. Анын айтымында, Гүлчө айыл өкмөтүндөгү Гүлчө дарыясында көпүрө жок болгондуктан төрт адам сууга агып каза болгон.

«Гүлчө дарыясында 4 киши өлдү. Малдардын, балдардын акканынын видеого тарып, өзүнүңүзгө алып барам. Көпүрө маселеси республикалык деңгээлде чечилиш керек. Балдар үчүн иштейлм», — деди Султанов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️