Пример HTML-страницы

Алайдын Талды-Суу айылындагы жайлоого барчу жолго көпүрө салынууда

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushАлай районунун Памир-Алай айыл аймагына караштуу Талды-Суу айылындагы Кашка-Суу жайлоосуна баруу үчүн көпүрө курула баштады. Бул тууралуу Памир-Алай айыл өкмөттүн башчысы Кутманали Анарбаев билдирди.

Маалыматка караганда, жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулуш материалдары, күйүүчү май, 4 тонна цемент жана 1 тонна арматура алынды.

Көпүрө курууга жалпы 17 тургун тартылып, эмгек акы катары азык-түлүк программасы аркылуу 3 каптан ун, 15 литрден өсүмдүк майы берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE