Алайдын Талды-Суу айылындагы бала бакча капиталдык оңдоодон өттү

Акыркы жанылыктар

TurmushАлай районунун Памир-Алай айыл аймагына караштуу Талды-Суу айылындагы №9 «Дилазык» бала бакчасынын 1-имараты толугу менен ондоп-түзөөдөн өттү. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Кутманали Анарбаев билдирди.

Анын айтымында, оңдоп-түзөө иштеринин жалпы сметалык баасы 3 млн 300 миң 91 сомду түзгөн. Анын ичинен 1 млн 388 миң 78 сом жергиликтүү бюджеттен, 1 млн 912 миң сом дем берүүчү гранттын эсебинен каржыланды.

Балдар бакчасынын чатыры, айнек эшиктери, жылытуу системасы, от казаны алмашылып, капиталдык оңдоодон өттү. Бүгүнкү күндө 98 пайыз иш аткарылды, жаңы окуу жылына балдар бакчасы колдонууга берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️