Пример HTML-страницы

Алайдын Талды-Суу айылында жайытка барчу жолго көпүрө салынууда

Акыркы жанылыктар

TurmushАлай районунун Памир-Алай айыл аймагына караштуу Талды-Суу айылында жайытка барчу жолго көпүрө салына баштады. Бул тууралуу айыл аймактын башчысы Кутманали Анарбаев билдирди.

Анын айтымында, курулуш материалдары жана техника айыл өкмөтү тарабынан каржыланууда.

«Курулушка иштеген 17 адамдын кызмат акысы Дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу төлөнөт. Ар бир адамга 3 каптан ун жана 15 литрден өсүмдүк майы берилет.

Мындан сырткары Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын негизинде тыбыттуу эчкилерди багып өстүрүү боюнча 3 күндүк окуу болду. Жалпысынан 31 адам окуп 3 каптан байытылган ун жана 15 литрден өсүмдүк майын алышты», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE