Пример HTML-страницы

Алайдын Сары-Таш айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты 6 млн сомго оңдолуп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushАлай районунун Памир-Алай айыл аймагына караштуу Сары-Таш айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты капиталдык ондоп-түзөөдөн өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Кутманали Анарбаев билдирди.

Анын айтымында, курулуш иштеринин жалпы тендердик баасы 6 млн 159 миң сомду түздү. Имаратты «Бийиктик Инвест» жоопкерчилиги чектелген коому оңдоп жатат.

Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «Бийиктик Инвест» ЖЧКнын түзүүчүсү жана жетекчиси Салиев Кубатбек Абдижалилович. Компания 2014-жылы 14-апрелде каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: имараттарды жана турак жайларды куруу.

Сары-Таш айылында калктын саны 2500 адамды түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE