Алайдын Сары-Могол айылындагы жол 1,2 млн сомго жарыктандырылып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushАлай районунун Памир-Алай айыл аймагына караштту Сары-Могол айылында жолду жарыктандыруу иши жүрүп жатат. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Кутманали Анарбаев билдирди.

Анын айтымында, 1 км 200 метр жол жарыктандырылат. Жарыктандыруу ишине жергиликтүү бюджеттен 1 млн 244 миң 840 сом каралган. Тендерден «Сауферн Сити» жоопкерчилиги чектелген коому утуп алган.

«Бүгүнкү күндө электр мамычалары толук орнотулуп бүттү. 10 күндүн ичинде электр чубалгылары жана лампалар орнотулуп бүтөт», — деди ал.

Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалыматка караганда, «Сауферн Сити» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси жана түзүүчүсү Нышанбай уулу Бексултан. Компания 2018-жылы 18-декабрда каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: курулуш-монтаждоо иштери.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️