Алайдын Сары-Могол айылында туристтер үчүн муниципалдык мейманкана курулуп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushАлай районунун Памир-Алай айыл аймагынын Сары-Могол айылына 20 адамга ылайыкталган муниципалдык мейманкана курулуп жатат. Бул тууралуу Памир-Алай айыл аймагынын башчысы Кутманали Анарбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда 2 кабаттуу имараттын пайдубалы куюлуп бүттү. Жалпы тендердик баасы 16 млн 300 миң сом. Жергиликтүү бюджеттен 1 млн сом акча каражаты бөлүнгөн. 12 млн сом облустук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланат. Ал эми калган сумма да жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилет. Курулушту 2024-жыл ичинде бүткөрүү пландалууда.

Сары-Могол айылында Тулпар-Көл, Ленин чокулары бар. Туристтер көп келишет. Жергиликтүү тургундар үйлөрүн мейманкана катары иштетип келишет. Мындан улам, туристтерге шарт түзүү максатында муниципалдык мейманкана салынып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️