Пример HTML-страницы

Алайдын Сары-Могол айылында 30дан ашык үйгө таза суу тартылды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushАлай районунун Памир-Алай айыл аймагына караштуу Сары-Могол айылында таза суу тартылды. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Кутманали Анарбаев билдирди.

Анын айтымында, суу жетпеген 33 үйгө таза суу жеткирилди. Суу түтүгүн тартууда техника менен айыл өкмөтү камсыздады. Ал эми казуу, көмүү иштерине айылдагы жалпы 10 жумушчу тартылып, 3 каптан ун, 15 литрден өсүмдүк майы берилди. Жалпы 1400 метр таза суу түтүгү тартылып, 750 миң сомдук иш аткарылды.

Муну менен катар Талды-Суу жана Арча-Булак айылдарында сугат каналдары оңдолуп, сугат үчүн суу берилди.

  • Сары-Могол айылында жалпы 916 кожолук бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE