Алайдын Нура айылынын эли мал ичкен сууну пайдаланууга аргасыз болууда

TurmushАлай районундагы Сары-Таш айыл өкмөтүндөгү Нура айылында таза суу тартылган түтүктөр бир жылга жетпей жарактан чыгып, эл таза суусуз калды. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде жашоочулар президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов менен жолукканда билдиришти.

Жергиликтүү тургун Зарыпбек Жороевдин айтымында, суу түтүктөрү сапатсыз курулган.

«2009-жылдан кийин таза суу тартылган. Ошол түтүктөр сапатсыз курулгандыктан баары жарактан чыкты. Бир жылга жетпей жараксыз болуп калды. Азыр Нура айылы боюнча таза суу жок. Эл аккан суудан ичишет. Бизде мал-жандык көп болгондуктан жаз мезгилинде сууну ичүүгө болбой калат. Аргасыз ошол сууну ичүүчү суу катары пайдаланабыз. Буга чейин бардык бийлик өкүлдөрүнө кайрылганбыз. Ушул маселени чечип бергиле» , — деди Зарыпбек Жороев.

Жолугушууда жашоочулардын басымдуу бөлүгү таза суу, көпүрө жана сел алып кетүү корунучу бар аймактар жөнүндө маселе көтөрүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️