Алайдын Кум-Шоро айылындагы мектеп пайдаланууга берилди

Акыркы жанылыктар

TurmushАлай районунун Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Кум-Шоро айылындагы №32 Ибраев Бөрүбай атындагы орто мектеби пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Нурсултан Тажибаев билдирди.

Анын айтымында, аталган мектептин имараты 2004-жылы ашар жолу менен салынган типтүү эмес мектеп болгон. Анда 23 мугалим, 9 техкызматкер эмгектенип, жалпы 96 окуучу окуп келген.

2022-жылдын башында тиешелүү мекемелердин Кум-Шоро орто мектеби авариялык абалда деген корутундусу чыккандан кийин, 2022-жылдын октябрь айында жаңыдан 100 орундуу типтүү мектептин курулушу башталган. Анын сметалык баасы 115 млн сомду түзүп, республикалык бюджеттен каржыланды. Бүгүнкү күндө жаңы имарат бир корпустан 2 кабатуу болуп салынды. Чатыры жабылган, ички ремонту толугу менен бүткөрүлгөн, жылытуу системасы коюлган. 6 класстык бөлмө бар.

Мектептин сырткы тосмолору тосулуп, спорт аянчалары, ажаткана жана көмүркана толугу менен бүткөн. Суу топтоочу, өрт өчүрүүчү, таштанды таштоочу септиктер даярдалган.

Будалык айылдык кеңешинин 2023-жылдын 24-октябрындагы чечими менен жаңы мектепке Ибраев Бөрүбайдын ысымы ыйгарылган.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️