Алайдын Гүлчө айылында селден жабыркаган көпүрөлөр жана жолдор калыбына келтирилүүдө

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айыл аймагындагы селден жабыркаган ички көпүрөлөрдү жана жолдорду калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу аталган айыл аймактын башчысы Нурсултан Тажибаев билдирди.

«Кара-Суу, Кум-Шоро жана Таш-Короо айылдарына жергиликтүү бюджеттен жана демөөрчүлөр тарабынан шагылдар (“КамАЗ” унаасына 200 жолу жүктөлгөн) төгүлүп, атайын техникалар менен жолдор тегизделүүдө. Учурда сел алып кеткен көпүрөлөрдү калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Октябрь айылындагы борбордук жолдун четине жергиликтүү тургун тарабынан 213 метр аралыкка лоток алынып берилип, төшөө иштери жүргүзүлүүдө», — дейт Н.Тажибаев.

2024-жылдын 12-июлунда саат 17:30 чамаларында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Алай районунун аймагында сел жүргөн.

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, 2 турак жайдын жер төлөлөрүнө, короо-сарайларына сел суулары кирген. Жабыркаган жарандар жок.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️