Алайдагы жетекчинин иши сынга алынды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Алай районунда жарым жылдын жыйынтыгы чыгарылган коллегиялык жыйын өттү.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, жыйынга президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, район акими Чыңгыз Бапаев, орун басары Алтынбек Болбур уулу, аппарат башчысы Нурбек Аданбай уулу жана башка жетекчилер катышты.

Жыйында 6 айда аткырлган иштердин жыйынтыгы чыгарылып, кемчиликтер тууралуу айтылды. Тактап айтканда, кооптуу аймактарда жайгашкан турак жай ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен коопсуз аймактарга жылдыруу керектиги белгиленди. Турак жайлары кооптуу аймакта жайгашкан тургундар буга чейин мамлекеттен жеңилдетилген ссуда алышкан. Бирок ал үй-бүлөлөр бүгүнкү күнгө чейин кооптуу аймакта күн кечирип жатат. Бул багытта жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө өзгөчө режимде иш алып баруу тапшырылды.

2024-жылдын апрель айында Turmush ӨКМге караштуу Мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментине шилтеме берүү менен Ош облусунун аймагында кооптуу аймактарда жашап, көчүрүлүүгө тийиш болгон 2396 үй-бүлө бар экенин, аталган үй-бүлөлөрдө 9978 жаран жашап жатканын жазган.

Алардын ичинен Алай районунда 355 үй-бүлө (1652 жаран) бар. Райондо мамлекет тарабынан жардам (ссуда) жана жер тилкелерин алып, көчпөй жашап жаткан 244 үй-бүлө аныкталган.

Пример HTML-страницы

Мындан сырткары турак жайларды камсыздандыруу иштери начар болуп жатканы айтылып, райондогу жетекчинин [Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Алайдагы жетекчиси болуп Муртаза Кадырбаев иштеп жатат] иши сынга алынды. Район акими аталган жетекчиге ишти жылдыруу багытында тапшырма бергенине бир ай болсо да, жыйынтык чыкпаганын билдирди.

Ошондой эле жол кырсык, зордук-зомбулук фактыларынын саны өткөн жылга салыштырмалуу өсүп кеткени айтылды. Жыйында аймакта туристтик базалардын саны артканы белгиленди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️