Алайдагы тургун эки таз кара аткан. Ага 220 000 сом айып салынды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Алай районунда мыйзамсыз аңчылык кылгандарга акт түзүлүп, айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Алай району боюнча аңчы адиси Алимбек Айдаров билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери мыйзамсыз аңчылык кылгандарга рейд өтүп жатат.

«Февраль айында бир элик, эки кекилик аткан мергендерге 84 миң сом айып пул салынган. Сентябрь айынын башында Нура айылында 2 таз кара аткан жаранга 220 миң сом айып пул салынган. 20 миң сому административдик айып пул. Таз кара Кызыл китепке кирген куш. 1 таз кара атса 100 миң сом айып пул салынат. Учурда 20 миң сом төлөдү. Жакынкы күндөрдү калган 200 миң сомду төлөйт. Балыкка, кекиликке аңчылык кылгандарга да акттар түзүлүп, айып пул салынды», — деди ал.

Таз кара — отуруктуу куш. Ал уясын дарактарга (көбүнчөсүн арчага), анда-санда зоолорго салат. Көбүнчө уясын кургак арчадан салып, анын ичин тоо эчкилердин жана койлордун жүнүнөн төшөйт. Уясын эрте салып, биринчи жумуртканы февраль-мартта тууйт. Уясында адаттагыдай бир эле жумуртка. Балапандарын апрель-майда басып чыгарат, алар август- сентябрда учканга жарап калат.

Муну менен катар Алай районунун жогорку зонасындагы Сары-Таш, Талды-Суу, Сары-Могол айылдарында карышкырлар малга кол салган учурлар кездешип жатат. Кечээ, 14-октябрда Талды-Суу айылында жергиликтүү мергенчилер бир чөөнү атышты. Сентябрдын аягында жергиликтүү тургундар кулунду жеп жаткан 2 карышкырды атып алышкан.

Пример HTML-страницы

Жыл башынан бери жалпы 26 карышкыр, 33 чөө атылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️