Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Алайдагы ооруканага адамдын денесиндеги мите курттарды аныктоочу аппарат алынып келди

Акыркы жанылыктар

TurmushАлай райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунда мите курттарды 2 мүнөттөн 5 мүнөткө жетпеген аралыкта аныктай турган медициналык жабдык пайдаланууга берилди.

Буга чейин мите курттарды так аныктоодо көптөгөн кыйынчылыктар жаралып келген. Өзгөчө жаш балдардагы мите курттарды, тери, боор жана башка оорулардын курттарын аныктоодо бир нече күндөп убакыт корогонун белгилешет.

Колдон кан алып, аны аппаратка салуу менен дароо эле монитордон адамдын ичиндеги мите курттарды (өзүнөн чоң организмге жармашып же анын ичине кирип алып, соруп, бүлүнтүп, ошонун эсебинен жашоочу организмдер) аныктоого болот.

Бул медициналык аппаратты пайдаланууга берүү аземине Алай районунун акиминин орун басары Бактыбек Осмонов, ЖДПБнун директору Талантбек Белекбаев жана медициналык кызматкерлер катышты.

Аппаратты пайдалануу үчүн мындагы лабораториялык бөлүмдүн башчысы Назгүл Жаркынбаева атайын окуудан өтүп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE