Алайдагы айылда 22 млн сомго спорт зал курулду. Ачылыш аземге Жогорку Кеңештин төрагасы катышты

Акыркы жанылыктар

TurmushАлай районунун Гүлчө айыл аймагына караштуу Кара-Суу айылында Сыдык Дурсуматов атындагы спорт зал ачылды. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Нурсултан Тажибаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө чейин жаштар айылдын ичиндеги шарты жок футболдук аянтчада ойноп келишкен. Кара-Суу айылындагы Ж.Кыпыева атындагы орто мектебине спорт зал курулду. Курулушка республикалык бюджеттен 22 млн сом бөлүндү.

Курулуш иштери 2023-жылы башталган. Спорт залдын ички аянты 288 чарчы метрди түзөт. Имараттын ичинде аялдар жана эркектер үчүн өзүнчө ажаткана жана жуунуучу жай курулду. Мындан сырткары кийинүүчү жай, машыктыруучулар үчүн өзүнчө бөлмө бар. Сыртында суу кампа, от жагуучу жай, септик, даараткана, үстү жабылган 4 отургуч да курулду. Спорт залдын аймагын жашылдандыруу үчүн 8 түп карагай отургузулуп, газон эгилип, имараттын алдына асфальт төшөлдү. Спорт зал мектептен сырткары өзүнчө сырткы тосмо менен тосулган.

Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 2024-жылдын 10-майындагы №5/14 токтомунун негизинде Дурсуматов Сыдык атындагы спорт зал болуп аталды.

Ачылыш аземи кечээ, 8-июлда өтүп, ага Жогору Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев катышып, инвентарларды алуу үчүн 200 миң сом тапшырды.

Пример HTML-страницы
  • 2024-жылдын 1-январына карата Кара-Суу айылында 332 адам жашайт. Анын ичинен 112и жаштар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️