Алайдагы айрым тургундар Загара көмүр кенине баруучу жолдун курулушуна каршы чыкты. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Алай районуна караштуу Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын Чоң-Каракол айылынын айрым тургундары бүгүн, 26-сентябрда АКИpress-Ошто маалымат жыйын өткөрүштү.

Алардын айтымында, Кара-Суу районунун аймагындагы Загара көмүр кени алар жашаган Чоң-Каракол айылына жакын жайгашкандыктан көмүрдү каза турган компания аны сатуу үчүн айылдын жогору жагындагы муз катмарын талкалоо менен жол куруп баштады.

Чоң-Каракол айылынын тургуну Шерикбай Борбодоев маселе боюнча буларга токтотулду.

«Биз Чоң-Каракол айылынан келдик. Келгенибиздин себеби, Чоң-Каракол айылы аркылуу көмүр ташуу үчүн жол куруп жатышат. Жол куруу боюнча «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынан, айыл өкмөттөн барып, элден суранышкан. Бирок бул жолго көпчүлүк эл макул эмес. Анткени №2 Загара көмүр кенине баруучу эки жол бар. Анан үчүнчү жолду биздин айылдын үстүнөн ачабыз деп жатышат. Биздин айыл аркылуу салынган жол Кытайга жакын экен. Ал жолго биз каршы турганыбыздын эң негизги себеби, жол курула турган жерде муз катмарлар бар. Жол салганда көп жылдык калың мөңгүлөр талкаланат. Жолдун курулушу башталган. Азыр да талкалап жатышат. Ал мөңгүлөр талкаланса, суу азаят. Үстүбүздөгү мөңгүдөн суу Гүлчө суусуна, аркы бетинен Ак-Буура суусуна да кошулат. Эгер ошол мөңгү ээрип кетсе, эки дарыяда тең суу азайып кетиши мүмкүн. Биздин айылдын жаратылышы, жайыт жерлери, арча-карагайлар жок болот. Тоолорубузда жапайы жаныбарлар, ак илбирс жана башка жандыктар көп. Алар башка жакка кетип калышат.

Экинчиден, президенттибиз жакында эле БУУнун трибунасына «экологиябызды сактайлы, коргойлу» деп айтты. Бул жакта айыл өкмөт, райондук администрация баш болуп, президенттин саясатына каршы иштеп жатышат», — деген тургун президенттен, УКМК төрагасынан жардам суранды.

Пример HTML-страницы

Аталган айылдын дагы бир жашоочусу Дөөлөтбек Таалайбек уулу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, тергөө тобун түзүп, алардын айылына жөнөтүп, маселени тыкыр изилдөөнү суранды.

Ошондой эле маалымат жыйындын катышуучулары кошумчалагандай, Загара көмүр кенине баруучу эки жол бар. Анын бири Мурдаш айылына, экинчиси Кара-Суу районунун Кожо-Келең айылына түшөт. Кытайлык ишкананын үчүнчү жолду куруусунун себеби, Чоң-Каракол айылы менен салына турган жол башка жолдорго караганда Кытайга 10-15 чакырымга жакын болот.

Ал эми «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын түштүктөгү филиалынын басма сөз кызматы жарандар айткан маалыматтарды төгүндөдү. Мекемеден билдиришкендей, №2 Загара көмүр кенин казуу боюнча 100 пайыздык лицензия «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасына берилген.

«Биринчиден, Загара көмүр кенин казуу боючна лицензия 2023-жылы Министрлер кабинетинин тескемеси менен «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын түштүк филиалына берилген. Экинчиден, Загара көмүр кениндеги ири көмүр экспортко чыкпайт, ал Ош облусунун аймагында гана сатылат. Калган майда көмүрдү Кытайга экспорттоо пландалып жатат. «Көмүрдүн баары Кытайга чыгып кетет» деген маалымат туура эмес.

Үчүнчүдөн, «мөңгү талкаланды» деген маалымат да туура эмес. Загара көмүр кенинен ошол айыл аркылуу өтүүчү жолдо расмий туш келген, же катталган мөңгү жок. Жол кар жамынып турган тоолордун үстүнөн же ортосун тешип өтүп курулбайт. Жол тоонун бетине курулуп жатат. Андай долбоор жок.

«Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасы «Спецтехника и Аренда» ЖЧКсы (кытайлык компания) менен өнөктөштүк долбооруна кол койгон. Аталган долбоор боюнча ЖЧК 5 млн АКШ долларындагы өлчөмдө каражат сарптап, анын ичинде жол салат, жолго туура келген арча-карагайлардын чыгымын төлөйт. Мындан сырткары кытайлык компания майда көмүрдөн түшкөн пайданын 60 пайызын өзү алып, 40 пайызын «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасына берет», — деп айтылат маалыматта.

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, «СПЕЦТЕХНИКА И АРЕНДА» ЖЧКнын жетекчиси жана түзүүчүсү катары Чжанг Жюшенг көрсөтүлгөн. Компания 2023-жылы 13-сентябрда каттоодон, 2023-жылы 30-ноябрында кайра каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: курулуш машиналарын жана жабдыктарын ижарага берүү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️