Алайда жергиликтүү жамаат бир көчөгө таза суу чыгарып берди

Акыркы жанылыктар

TurmushАлай районундагы Гүлчө айыл өкмөтүндө жергиликтүү жамааттар күнү өзгөчө форматта белгиленди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, аталган айыл өкмөттө Сарбашов көчөсүнө 800 метр аралыкка таза суу системасы тартылып, эсептегич коюлуу менен ар бир үйдүн короосуна киргизилди. Ал жергиликтүү жамаатардын колдоосу менен ишке ашты.

Таза суу системасын райондун борборуна Айгыр-Булак аймагынан 38 чакырым алыстыктан тартып келишкен.

Айыл өкмөт башчы мындай демилгени эми Бүркүт жамааты көтөрүп жатканын айтып, элди кубантты. Аталган жамааттагылар да таза суу системасын тартууга кете турган трубаларды алып келип коюшканы маалым болду. Калган иштер айыл өкмөт тарабынан жасалат.

«Мына ушундай жол менен жергиликтүү калкты толук ичуучу таза суу менен камсыз кылууну көздөөдөбүз. Мындай ыкма жашоочулардын ар биринин эмгеги жумшалгандыктан суулардын ашыкча эле шаркырап агып тура бербөөсүнө, тетиктеринин бузулуп калбоосуна жана башка ушундай жагдайларда бири-бирин көзөмөлдөп турууга багытталган», — дейт айыл өкмөт башчы Нурсултан Тажибаев.

Андан кийин «Зордук-зомбулукка каршыбыз» аталышындагы сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп, ага райондун борборундагы мектеп окуучуларынын сүрөттөрү илинди. Мыкты тартылган сүрөттөргө сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️