Алайда унаасы менен кошо сайга кулаган чет өлкөлүк жаран каза тапты

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Алай районундагы жол кырсыгынан чет өлкөлүк жаран каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасына өздүк булактар билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, окуя Ош—Алай унаа жолунда катталган. Кырсыктын кесепетинен Кытайдын 1989-жылы туулган жараны көз жумду.

Ал эми Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктаган маалыматка караганда, 15-октябрда саат 18:50 чамасында Ош—Эркеч-Там унаа жолунун 71-чакырымында жол кырсыгы катталып, Кытай Эл Республикасынын жараны каза болгон.

Кытай жараны жүк ташуучу унаа менен Гүлчө айыл аймагынын Жылуу-Суу аймагында Чыйырчык ашуусунан түшүп, батыштан чыгышты көздөй бара жатып, тормозу иштебей жолдон чыгып кеткен. Анын кесепетинен өзү башкарып бара жаткан «Shacman» унаасы менен кошо 10 метр бийиктиктеги сайга кулап кетип, окуя болгон жерде мерт кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️